Башкы бет
Жеке жактар
Жаңылыктар
MBusiness аркылуу жеке ишкерлик күбөлүгүн онлайн алыңыз – оңой, тез жана ашыкча түйшүктөрсүз!
MBusiness аркылуу жеке ишкерлик күбөлүгүн онлайн алыңыз – оңой, тез жана ашыкча түйшүктөрсүз!

Эми бизнес ачуу мурункуга караганда алда канча жеңил жана ыңгайлуу болуп калды. Салык органдарына барбастан, кезек күтпөстөн жана ашыкча документтерсиз жеке ишкер катары онлайн катталсаңыз болот.
MBusiness колдонмосунда "Жеке ишкерликти онлайн каттоо" кызматы иштеп баштады. Анын жардамы менен сиз болгону бир нече мүнөт ичинде арыз берип, жеке ишкерлик күбөлүгүн ала аласыз.
Кантип катталасыз?
- MBusiness колдонмосун жүктөп алыңыз жана катталыңыз
- "Жеке ишкерликти онлайн каттоо" бөлүмүнө кирип, керектүү маалыматтарды толтуруңуз
- Мамлекеттик салык кызматы тарабынан жактырылган соң күбөлүгүңүздү дароо жүктөп алыңыз
Кызматтын артыкчылыктары
✔ Тез – каттоо бир нече мүнөттө бүтөт
✔ Ыңгайлуу – каалаган убакта, каалаган жерден арыз берүү мүмкүнчүлүгү
✔ Жөнөкөй – ашыкча документтер жана мамлекеттик мекемелерге баруу талап кылынбайт
Эмне үчүн бул кызматты тандоо керек?
"Жеке ишкерликти онлайн каттоо" кызматы – өз убактысын баалаган жана ашыкча түйшүктөн кутулууну каалаган ишкерлер үчүн эң жакшы чечим. Бул кызмат бизнесиңизди баштоого жол ачып, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет.
Онлайн эсеп ачуу – болгону 1 мүнөттө.MBusiness ошондой эле жеке ишкерлерге толугу менен онлайн форматта банктык эсеп ачуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. Бар болгону 1 мүнөттө эсеп ачып, бизнесиңизди дароо өнүктүрүүгө киришсеңиз болот.
Google Play‘ден көчүрүү
App Store‘дон көчүрүү
MBusiness – ишкерлер үчүн ыңгайлуулуктун жаңы деңгээли!
MBANK — Биринчи санарип!
КР УБ № 014 Лицензиясы