Тынчсызданбай саякаттаңыз: Эми Түркияда MBANKтын QR-коду аркылуу төлөй аласыз

Түркия — тарых менен заманбап жашоо айкалышкан өлкө. Босфор жээгиндеги сейилдөө, көркөмдүү Көк мечит, Топкапы сарайы жана, албетте, дүйнөнүн булуң-бурчунан келген саякатчылар сүйгөн легендарлуу түрк шоппинги, деги эле ар бир бурчу унутулгус эмециялар менен коштолот.
MBANK дагы бир жолу инновациялык лидер экенин далилдеп, эл аралык сапарларды мурдагыдан да ыңгайлуу кылууну улантууда.
Кыргызстанда биринчи жолу банк уникалдуу кызматты ишке киргизүүдө — Түркияда товарлар жана кызматтар үчүн QR-код аркылуу түз эле MBANK колдонмосунан төлөө мүмкүнчүлүгү!
Эми MBANK кардарлары Түркияда колдонмо аркылуу комиссиясыз, накталай акча, карта же кошумча колдонмолор тууралуу ойлонбой эле төлөй алышат. Баары болгону бир нече баскыч менен — MBANK’тын тааныш интерфейсинде.
QR-код менен төлөм Түркиядагы туристтер көп барган соода борборлорунда, кафелерде жана ресторандарда, жалпылап айтканда,бул ыкманы колдогон бардык соода түйүндөрүндө кабыл алынат.
Эмне үчүн бул чындап пайдалуу?
- Комиссиясыз төлөм — жашыруун же кошумча чыгымдар жок
- Каражат дароо алынат — тез жана ачык-айкын
- Кеңири өнөктөш тармагы — Түркиядагы бардык популярдуу соода жайларында төлөө мүмкүнчүлүгү
QR-код аркылуу кантип төлөсө болот?
- MBANK колдонмосун ачыңыз
- «Которуулар → Түркия — QR аркылуу төлөм» бөлүмүнө өтүңүз
- POS-терминалдагы QR-кодду сканерлеңиз
- Төлөмдү ырастаңыз — даяр!
Операция валюталары
Түркияда товарлар жана кызматтар үчүн төлөгөндө төмөнкүлөрдү эске алыңыз:
- Төлөм валютасы — TRY (түрк лирасы)
- Эсептен алынуучу валюта — USD
Сумма автоматтык түрдө конвертацияланып, АКШ долларындагы эсебиңизден алынат.
Саякаттаңыз, өзүңүз үчүн дүйнөнү ачыңыз жана ар бир ирмемден ырахат алыңыз — төлөмдү MBANK камсыздайт!
КРУБ №014 лицензиясы