MBANK менен санариптик каржы дүйнөсүнө саякат: Global Money Week – 2026

2 Чын куран 2026

Global Money Week – 2026 жумалыгынын алкагында MBANK мектеп окуучулары үчүн финтех дүйнөсүнө толук сүңгүүгө өбөлгө түздү. Бул долбоор MJunior долбоору уюштурган иш-чаранын уландысы болуп, жаштардын финансылык сабаттуулугун өнүктүрүүгө багытталган.

Эске салсак 31-мартта Бишкектеги мектептерде лекциялар өтүлүп, CashFlow оюну боюнча турнир уюштурулган. Катышуучулар атаандашып гана тим болбостон, стратегиялык ой жүгүртүүнү, бюджетти пландаштырууну жана чечим кабыл алууну үйрөнүшкөн.

Ал эми бүгүн жеңүүчүлөр MBANK’тын Технопарктагы башкы кеңсесине эксклюзивдүү экскурсияга барып, банк системасын ичтен көрүштү.

TehnoPark: чоң жана шыктандыруучу жай
TehnoPark — MBANK’тын технологиялык жүрөгү. Аянты 14 000 чарчы метрден ашкан IT-хаб. 

Үч жыл ичинде бул мейкиндик чакан коворкингден ар түрдүү адистерди бириктирген чоң экосистемага айланды. Өткөн жылы бул жерде 400дөн ашуун иш-чара өтүп, аларга 6 000дей адам катышкан. Күн сайын TehnoPark 1 500гө жакын адисти кабыл алат.

Окуучуларга IT-конференциялар жана хакатондор тууралуу айтып беришип, келечекте алар да мындай иш-чараларга катышып, өз идеяларын ишке ашыра аларын белгилешти.

MBANK экосистемасы: банк эмес, андан да кеңири
Кийинки этапта окуучулар MBANK’тын жашоону жеңилдеткен санарип кызматтары менен таанышышты.

Аларга MMarket — колдонмого интеграцияланган маркетплейс көрсөтүлдү, анда сатып алууларды бир нече басуу менен жасоого болот.

Ошондой эле MTravel жана MTicket кызматтары аркылуу саякат пландап, маданий жана спорттук иш-чараларга билеттерди колдонмодон эле сатып алууга болору түшүндүрүлдү.

Ошентип, окуучулар заманбап банк күнүмдүк керектөөлөрдү жаба алган универсалдуу платформага айланып жатканын көрүштү.

Маркетинг: искусство жана стратегия
Өзүнчө блок маркетинг командасы менен жолугушууга арналды, аны Жанболот Жолошев жетектейт.

Окуучулар банк брендинин артында чоң команда — маркетологдор, дизайнерлер жана PR адистер иштей турганын билишти. Алар заманбап банк — бул жөн гана финансылык операциялар эмес, бул коммуникация, визуалдык стиль жана стратегия экенин түшүндүрүштү.

Маркетинг — бул чыгармачылык, технология жана идеялар үчүн аянт экени өзгөчө белгиленди. Окуучулар адистерге суроолорун берип, креативдүү индустрия тууралуу көбүрөөк билишти.

Байланыш-борбор: кесипкөйлүктүн башаты
Эң пайдалуу бөлүктөрдүн бири MBANK’тын байланыш борбор менен таанышуу болду.

Байланыш-борбордун жетекчиси Венера Батырбековна колдонуучуларга сутка бою жардам көрсөтүү кандай ишке ашарын айтып берди. Окуучулар байланыш-борбор 16 жаштан баштап (ата-эненин уруксаты менен), ал эми 18 жаштан өз алдынча иштөөгө мүмкүн болгон «кадрлар мектеби» экенин билишти.

Бул жерде иштөө банк процесстерин терең түшүнүүгө жана келечекте ар кандай багытта өнүгүүгө шарт түзөт.

Лекторий: технология, коопсуздук жана лидерлик
Күндүн кульминациясы — MBANK’тын топ-менеджмент жана эксперттеринин лекциялары болду.

Башкармалыктын төрагасы Ишенбаев Максатбек Бейшенбекович банк тармагынын өткөнү менен бүгүнкү күнүн салыштырып, азыр банктар технологиялык компанияларга айланганын белгиледи.

MBANK — мунун ачык мисалы: активдери 140 млрд сомду түзгөн өлкөдөгү ири коммерциялык банк, инновацияга жана күчтүү командага басым жасайт.

Ал чет өлкөдө окугандан кийин карьера куруу тууралуу суроого жооп берип, ийгиликтин негизги факторлору — өз алдынча билим алуу жана дисциплина экенин баса белгиледи.

Финансылык коопсуздук: ар бирине керектүү билим
Маанилүү блоктордун бири санарип коопсуздукка арналды.

Маалыматтык коопсуздук бөлүмүнүн жетекчиси алдамчылык схемалары, анын ичинде дропперлик тууралуу айтып, банк системаларын кантип коргой турганын түшүндүрдү.

Окуучуларга төмөнкү кеңештер берилди:
— шектүү шилтемелерге өтпөө
— коддорду эч кимге бербөө
— билдирүүлөрдүн булагын текшерүү

Бул бөлүк окуучулар үчүн эң кызыктуу болду, анткени күнүмдүк жашоодо кездешкен реалдуу кырдаалдар талкууланды.

Лидерлерден инсайттар
Максатбек Бейшенбекович MBANK логотибинин маанисин да ачып берди: «М» тамгасы — эки бирдиктен турат, бул «эки жактан биринчи болуу» идеясын билдирет.

Ал каржылык сабаттуулук — коопсуздуктун жана ишенимдин негизи экенин белгиледи.

Жасалма интеллект жана келечек
Дизайнер Азамат жасалма интеллект тууралуу айтып, Google’дун Veo модели аркылуу видеоконтент кантип түзүлөрүн көрсөттү.

Ал ошондой эле Claude сыяктуу инструменттерди колдонуу маанилүү экенин белгиледи.

Практика: окуучулар тестирлөөчүнүн ролунда
Продактолог Женни Жеңиш кызы окуучуларды MJunior колдонмосунун жаңы функцияларын тестирлөөгө чакырды.

Алар интерфейсти текшерип, өз пикирлерин айтып, реалдуу фидбек беришти. Бул маалымат дароо иштеп чыгуучуларга жеткирилди.

Катышуучулардын пикири
Килия: «Банкта мен ойлогондон да көп кесиптер бар экен»
Миша: «MBANK кесип тандоого жардам берет»
Артур: «Өтө пайдалуу күн болду»

Финал: өзгөчө эмоциялар
Күндүн жыйынтыгы жылуу жана эркин атмосферада өттү. Окуучулар үчүн кофе-брейк уюштурулуп, алар эркин баарлашууда таасирлери менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Андан кийин окуучулар Технопарктын ичинде видео-тренддерди тартууну сунуштап, экскурсия жандуу digital-контентке айланды.

Өзгөчө учур — катышуучулардын биринин туулган күнү белгиленип, баары бирге куттукташты.

Бардык жеңүүчүлөргө тестирлөөчү катары жасаган иши үчүн белектер тапшырылды.

Бул — башталышы гана
Global Money Week – 2026 MBANK менен финтех — бул мүмкүнчүлүктөр дүйнөсү экенин көрсөттү.

MJunior жаштарга инвестиция салып, келечектеги адистерди тарбиялоону улантат.

MJunior — балдарга арналган алгачки банкинг!
КР УБ лицензиясы №014