15 млн сомдон ашкан Байге фонду: MBusiness ишкерлер үчүн акция баштады

2026-жылдын 21-октябрынан 2027-жылдын 12-январына чейин MBANK жеке ишкерлер жана юридикалык жактар үчүн «MBusiness’теги миллиондор үчүн оюн» акциясын өткөрөт. Эми бизнес үчүн күнүмдүк операциялар 1 млн сомго чейин акчалай байге алуу мүмкүнчүлүгүн берет. Жалпы байге фонду 15 млн сомдон ашат.
MBusiness колдонмосунда акциянын эрежелерине ылайык келген ар бир ийгиликтүү операция үчүн бир тамга чегерилет. Бул тамгалардан «МБИЗНЕС» же «МИЛЛИОН» деген сөздөрдү түзүү керек. Сөздү биринчи болуп чогултуп, операцияларды текшерүүдөн өткөн катышуучулар жеңүүчү болушат.
Акцияга MBusiness кызматын колдонгон MBANK кардарлары катыша алышат. Эгер сиз бул кызматка кошула элек болсоңуз, аны MBANK колдонмосу аркылуу бир нече баскыч менен онлайн туташтырсаңыз болот. (шилтеме)
Тамгаларды кантип чогултуп, байгелерди утуп алса болот?
- MBusiness жана MKassa QR-коддору аркылуу төлөмдөрдү кабыл алыңыз;
- MPay аркылуу төлөмдөрдү кабыл алыңыз;
- MCafe аркылуу төлөмдөрдү кабыл алыңыз;
- MBANK колдонмосунан MBusiness эсебине которууларды кабыл алыңыз;
- MBusiness аркылуу QR-код менен төлөм жүргүзүңүз;
- Visa MBusiness картасы менен POS-терминалдар жана интернет аркылуу төлөңүз;
- MBusiness Pay кызматы аркылуу төлөм жүргүзүңүз;
- салыктарды жана мамлекеттик төлөмдөрдү төлөңүз;
- MBusiness аркылуу валютаны алмаштырыңыз;
- SWIFT жана Visa Direct Account аркылуу эл аралык которууларды жасаңыз;
- MBusiness аркылуу онлайн кредит алыңыз.
Ар бир операция үчүн минималдуу сумма жана күнүмдүк чектөөлөр белгиленген. Тамгалардын саны чектелген. Акциянын жалпы мөөнөтү — 2026-жылдын 21-октябрынан 2027-жылдын 12-январына чейин. Акция үч этапта өткөрүлөт:
- биринчи этап: 2026-жылдын 21-октябрынан (саат 10:00дон) 17-ноябрына чейин;
- экинчи этап: 2026-жылдын 18-ноябрынан 15-декабрына чейин;
- үчүнчү этап: 2026-жылдын 16-декабрынан 2027-жылдын 12-январына чейин.
Көңүл буруңуз: ар бир этаптын аягында (саат 23:59да) бардык тамгалар күйүп кетет. Жаңы этап нөлдөн башталат.
Үч ай — үч миллионер
Ар бир айда бир жеңүүчү 1 млн сомдон утуп алат. Акциянын үч айында үч катышуучу миллионер боло алат.
Мындан тышкары, ай сайын дагы 20 ишкер 200 миң сомдон утуп алышат. Акциянын жүрүшүндө мындай 60 байге ойнотулат.
MBusiness аркылуу операцияларды аткарыңыз, тамгаларды чогултуңуз жана жеңишке жетиңиз!
Акциянын толук шарттары жана эрежелери менен бул жерден тааныша аласыз.
MBANK — Биринчи санарип! Кыргызстандын өнүмү!
КР УБ № 014 лицензиясы.
Маалымат алуу үчүн 9933 номуруна (күнү-түнү) чалсаңыз болот.