MBusiness'ти кош жана 1000 сом ал
ААК «Коммерциялык банк Кыргызстан» | MBANK жеке ишкерлер үчүн, MBusiness тиркемесинин алкагында жаңы акциянын башталышы жөнүндө жарыялайт. Эми эсепти онлайн ачуу ыңгайлуу гана эмес, кирешелүү да болмокчу! MBANK тиркемеси аркылуу жеке ишкерлерлик үчүн эсеп ачкан ар бир жаңы кардарга банк 1000 сомдон белек берет.
Акциянын негизги артыкчылыктары:
Ыңгайлуулугу жана жөнөкөйлүгү: Онлайн эсеп ачуу убакытты үнөмдөөгө жана банк кеңсесине баруу зарылчылыгын жокко чыгарып, бул процессти мүмкүн болушунча ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылат.
1 000 сом бонус: MBANK тиркемеси аркылуу онлайн режиминде жеке ишкерлерлик үчүн эсеп ачкан алгачкы миң ишкер 1000 сом өлчөмүндө жагымдуу бонус алышат.
Чакан бизнести колдоо: MBANK кардарлар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү аркылуу чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнү колдоого умтулат.
Кантип катышуу керек:
- MBANK тиркемесин ачып, Кызматтар бөлүмүнө, андан кийин MBusiness бөлүмүнө өтүңүз
- Жеке ишкерлик үчүн эсеп ачуу үчүн онлайн-арызды толтуруңуз
- Арызыңыздын жактырылышын күтүңүз
- Жеке ишкерлик үчүн жаңы эсебиңизге 1000 сом бонус алыңыз!
Акция 12.02.2024 баштап ишке кирет, акциянын мөөнөтү чектелген. Сунуштан пайдаланууга шашылыңыз жана MBANK менен ишкерлигиңиз үчүн жаңы горизонтторду ачыңыз!
MBANK – Биринчи санарип!
ААК "Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН" КРУБ№ 014 Лицензиясы