Башкы бет
Жеке жактар
Жаңылыктар
MBANK Кыргызстанда алгачкылардан болуп Apple Pay кызматын ишке киргизди
MBANK Кыргызстанда алгачкылардан болуп Apple Pay кызматын ишке киргизди

MBANK, Кыргызстандын биринчи санарип банкы, кардарлары үчүн Apple Pay кызматын ишке киргизди. Эми MBANK'тын Visa жана Mastercard карталары менен Apple түзмөктөрү аркылуу физикалык картасыз жана накталай акчасыз төлөм жүргүзүүгө болот. Ар бир төлөм Apple түзмөктөрүнө орнотулган коопсуздук технологиялары менен корголот.
Бул кандай иштейт?
Apple түзмөгүңүздү POS-терминалга жакындатып, төлөмдү Face ID, Touch ID аркылуу же түзмөгүңүздүн сырсөзү менен ырастаңыз — төлөм ошол замат жүргүзүлөт.
Apple Pay азык-түлүк дүкөндөрүндө, дарыканаларда, ресторандарда, кофеканаларда, соода түйүндөрүндө жана башка көптөгөн жайларда кабыл алынат.
Кызмат iPhone, Apple Watch, Mac, iPad жана Apple Vision Pro түзмөктөрүндө жеткиликтүү. Ошондой эле Safari браузери аркылуу колдонмолордо жана интернет-сайттарда төлөм жүргүзүүгө болот.
Кардарлар Apple Pay аркылуу тамак-аш жана азык-түлүк жеткирүү кызматтарынын акысын төлөп, интернет-дүкөндөрдөн сатып алууларды жасап, коомдук транспортто жана башка кызматтар үчүн төлөм жүргүзө алышат.
Эмне үчүн бул коопсуз?
Apple Pay аркылуу төлөмдөр Face ID, Touch ID, Optic ID же түзмөктүн сырсөзү аркылуу ырасталат.
MBANK картасын Apple Pay'ге кошкондо картаңыздын чыныгы номуру түзмөктө да, Apple серверлеринде да сакталбайт. Бардык маалыматтар максималдуу деңгээлде корголот.
Картаны кантип кошсо болот?
MBANK картасын Apple Pay'ге эки жол менен кошууга болот.
Эң тез жана ыңгайлуу жолу — MBANK колдонмосу аркылуу:
- MBANK колдонмосун ачыңыз;
- «Менин банкым» бөлүмүнө кириңиз;
- картаны тандап, «Apple Wallet'ке кошуу» баскычын басыңыз;
- шарттар менен таанышып, картаны кошууну ырастаңыз.
Ошондой эле Wallet колдонмосу аркылуу:
- iPhone'уңуздагы Wallet колдонмосун ачыңыз;
- «+» баскычын басып, MBANK картасын кошуу боюнча нускамаларды аткарыңыз.
Apple Pay'ди бүгүн эле MBANK колдонмосуна туташтырыңыз жана картасыз, накталай акчасыз — тез, ыңгайлуу жана коопсуз төлөм жүргүзүңүз.
MBANK — биринчи санарип. Кыргызстанда түзүлгөн!
КР Улуттук банкынын №014 лицензиясы.