MPay аркылуу төлөп, 100дөн ашык жаңы iPhone 17нин бирин утуп алыңыз

20 Бугу 2026

MPay аркылуу төлөп, 100дөн ашык жаңы iPhone 17нин бирин утуп алыңыз

2026-жылдын 20-майынан 20-августуна чейин Кыргызстандын бардык аймактарындагы MPay колдонуучулары сатып алууларын ыңгайлуу төлөп эле тим болбостон, 130 жаңы iPhone 17 ойнотулган ири акциянын катышуучусу боло алышат.
Ар бир төлөм менен көбүрөөк пайда.
Эми MPay аркылуу жасалган ар бир төлөм — iPhone 17 утуп алуу мүмкүнчүлүгү. Мындан тышкары, сиз 10%га чейин кешбэк аласыз. Бул MPay’ды күнүмдүк төлөмдөр үчүн эң ыңгайлуу жана пайдалуу кызматка айлантат.
Акция жаңы колдонуучуларга да, MPay’ды көптөн бери колдонуп жүргөн кардарларга да жеткиликтүү. Катышуу үчүн 2026-жылдын 20-майынан тартып MPay аркылуу төлөм жүргүзүү жетиштүү. Колдонуучу кошумча каттоосуз эле автоматтык түрдө акциянын катышуучусу болуп калат.
Акция кандай иштейт:

  • жаңы колдонуучулар үчүн: 2026-жылдын 20-майынан кийин MPay’га кошулган колдонуучулар арасында 100 сомдон жогору ар бир 1000-кардар утуштуу болуп эсептелет;
  • учурдагы MPay колдонуучулары үчүн: 2026-жылдын 20-майына чейин MPay колдонуп келген кардарлар дагы акцияга катыша алышат. Алар үчүн 100 сомдон жогору ар бир 30 000-транзакция ойнотууга катышат.

Ошентип, MPay’дын ар бир колдонуучусунда утуп алуу мүмкүнчүлүгү бар.
MPay — күнүмдүк кызматтарды тез жана пайдалуу төлөөнүн жолу. Кызмат төмөнкүлөргө мүмкүнчүлүк берет:

  • MKassa терминалдары аркылуу телефон менен төлөө;
  • 10%га чейин кешбэк алуу;
  • интернетсиз деле төлөм жүргүзүү;
  • телефон номурун киргизбестен жакын адамдарга тез акча которуу;
  • смартфон аркылуу күнүмдүк төлөмдөрдү тез жүргүзүү.

Маанилүү: MPay колдонуу үчүн MBANK колдонмосу акыркы версияга жаңыртылганын жана смартфонуңузда Bluetooth күйгүзүлгөнүн текшериңиз.
Акцияга кантип катышууга болот
2026-жылдын 20-майынан кийин MPay аркылуу 100 сомдон жогору каалаган төлөмдү жүргүзүңүз. Биринчи төлөмдөн кийин сиз автоматтык түрдө акциянын катышуучусу болосуз. MPay колдонууну улантып, кешбэк топтоп жана утуп алуу мүмкүнчүлүгүңүздү көбөйтүңүз.
MPay санарип төлөмдөрдү жеткиликтүүрөөк кылат
Бүгүнкү күндө көптөгөн колдонуучулар санарип төлөмдөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн толук биле беришпейт. Жаңы акция MPay аркылуу төлөм жүргүзүү канчалык технологиялык жана пайдалуу экенин көрсөтүүгө багытталган.
MPay аркылуу бүгүнтөн баштап төлөп, сатып алууларда үнөмдөп жана 130 жаңы iPhone 17нин биринин ээси болуу мүмкүнчүлүгүн алыңыз. Кызматты канчалык активдүү колдонсоңуз, жеңүүчүлөрдүн катарына кирүү мүмкүнчүлүгүңүз ошончолук жогору болот.
Акциянын толук шарттары жана эрежелери менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышсаңыз болот:
Акциянын шарттары 
MBANK — биринчи санарип! Кыргызстанда жасалган!
КРУБ №014 лицензиясы