Алаканыңыз менен төлөп, MIA менен сүйлөшүңүз: MBANK MTalX 2026да жаңы технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү

6-октябрда MTalX 2026нын жабык көрсөтүүсү өтүп, анда MBANK’тын CEO’су Марат Торалиев инновациялык иштелмелерди тааныштырды. Иш-чарага негизги өнөктөштөр, медиа өкүлдөрү жана рыноктун лидерлери чогулуп, банк секторундагы жаңы дүйнөлүк стандарттардын башталышына негиз түзүлдү.
Mashina жана MHouse трансформациясы: авто жана кыймылсыз мүлк жарыяларынан MBANK’тагы толук кандуу экосистемаларга чейин
MtalX’та Mashina жана MHouse кызматтарынын трансформациясы тууралуу жарыяланды: MBANK экосистемасына интеграциялангандан кийин алар жөнөкөй жарыя такталарынан ири санариптик борборлорго айланды.
Mashina эми айына 1 миллион активдүү колдонуучусу жана 100 000ден ашык жарыясы бар бирдиктүү автоэкосистема. Эми колдонмонун ичинде унаага ээ болуу жана аны сатып алуу процесси толугу менен жеткиликтүү: унааны издөөдөн жана текшерүүдөн тартып, ОСАГО боюнча жогорку кешбэк менен камсыздандырууга жана автокаржылоону бир нече баскыч менен дароо алууга чейин.
Өз кезегинде MHouse кыймылсыз мүлк тармагы үчүн толук кандуу платформага айланды. Негизги процесстердин бардыгы: сатып алуу, сатуу, ижарага алуу жана ипотеканы тариздөө эми колдонмонун ичинде жеткиликтүү.
Жаңыртуунун аркасында кызматтар жарыя жайгаштырылуучу платформалардын алкагынан чыгып, кардарларды ар бир этапта коштоп жүргөн ыңгайлуу санарип жардамчыларга айланды.
Бүткүл Кыргызстан боюнча биринчи жолу: MBANK’тын картоматы аркылуу аты-жөнү жазылган картаны бир мүнөттө алуу
MTalX сахнасында MBANK’тын кардарлары өздөрү сунуштаган инновациялык чечими — картомат тааныштырылды. Колдонуучулардын кайрылууларына жүргүзүлгөн терең талдоо негизги көйгөйдү аныктады: адамдар картаны даярдатып, алып кетүү үчүн убакыт коротууга аргасыз болуп келишкен.
Бул көйгөйдү чечип, кардарлардын көнүмүш тажрыйбасын өзгөртүү үчүн банк аты-жөнү жазылган карталарды заматта чыгаруу мүмкүнчүлүгүн ишке киргизди. Сахнада блогер Айдана Дека өзүнүн MBANK картасын болгону бир мүнөттө колуна алды.
Буга чейин персоналдаштырылган картаны даярдоо үчүн күтүүгө, банк бөлүмүнө өзүнчө барууга же жеткирүүгө буйрутма берүүгө туура келчү. Эми карталарды заматта чыгаруу жана кайра чыгаруу мүмкүнчүлүгү өлкө боюнча жеткиликтүү. Ал үчүн картоматтагы QR-кодду колдонмо аркылуу сканерлөө жетиштүү. MBANK бул технологияны өлкө боюнча биринчи болуп кеңири масштабда ишке киргизди: учурда Кыргызстандын бардык аймактарындагы банктын бөлүмдөрүндө 56 персоналдаштырылган жана 9 инстант-картомат иштеп жатат.
MIA үн жардамчысы: MBANK кызматында эки тилде интеллектуалдык издөө
MTalX сахнасында MBANK’тын CEO’су Марат Торалиев жана блогер Нурсейит Анаркулов дагы бир инновациялык чечимдин иштешин көрсөтүштү. Презентация учурунда алар MIA үн жардамчысы менен сүйлөшүп, суроолоруна так жана дароо жооп алышты.
MBANK колдонмосуна интеграцияланган MIA жардамчысы кыргыз жана орус тилдерин эркин түшүнөт. Ал менюдан керектүү функцияларды өз алдынча издөөнүн же алардын так аталыштарын эстеп калуунун зарылдыгын жокко чыгарат. MIA сөздөрдү мааниси жана ассоциациялары боюнча тааныйт, тынымсыз үйрөнүп турат жана дароо ылайыктуу кызматты сунуштайт: балансты толтуруудан жана кредит тариздөөдөн тартып, MMarket’тен товарларды издөөгө чейин.
Смартфонсуз, картасыз жана накталай акчасыз: MBANK Кыргызстанда биринчи болуп MPay Alakan аркылуу алакан менен төлөө мүмкүнчүлүгүн ишке киргизди
Буга чейин, 2025-жылы, MBANK MPay — төлөмдөрдү интернетке болгон көз карандылыктан толугу менен арылткан уникалдуу өз кызматын ишке киргизген. MTalX 2026да MBANK дагы бир кадам алдыга жылып, кардарларга смартфонсуз, картасыз жана накталай акчасыз төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн ачты.
MBANK’тын CEO’су Марат Торалиев коноктордун алдында Кыргызстанда биринчи жолу MPay Alakan аркылуу алаканы менен төлөм жүргүздү. Андан кийин блогер Мекен Кемель болгону бир нече мүнөттүн ичинде алаканын каттап, MPay Alakan аркылуу сатып алуу үчүн төлөм жасады.
2025-жылы төлөм жүргүзүү үчүн кардарларга интернеттин кереги жок болсо, 2026-жылы накталай акча, карта, ал тургай смартфондун да кереги жок. Атайын сенсорлор веналардын уникалдуу сүрөтүн окуйт. Система алардын параметрлерин шифрленген кодго айландырат. Аны сүрөт аркылуу көчүрүү, кармап калуу же жасалмалоо мүмкүн эмес, бул төлөмдүн коопсуздугун камсыздайт.
Транзакция MKassa POS-терминалына орнотулган атайын сканерге алаканды жакындатуу аркылуу жүргүзүлөт.
«Рынок өзгөрүүлөргө көнүшүп жатканда, MBANK жаңы санарип реалдуулукту түздү. Биз эскирген тоскоолдуктарды жойдук: үч күнгө созулган күтүүнүн ордуна - картоматтар пайда болду, ал эми татаал издөө процесси AI негизиндеги MIA аркылуу түз башкарууга алмашты. Mashina жана MHouse жөнөкөй жарыя платформаларынын алкагынан чыгып, күчтүү экосистемалык платформаларга айланды. Башкы жаңылык — MPay Alakan аркылуу алакан менен төлөө. Бул биздин технологиялык артыкчылыгыбыз».
- Марат Торалиев, MBANK CEO’су.
МТalX 2026да сунушталган чечимдердин масштабы жана деңгээли иш-чаранын катышуучуларына жана конокторуна чоң таасир калтырды. Иш-чара Кыргызстандын санарип рыногу тездик менен өнүгүп жатканын жана муну менен токтоп калбай турганын көрсөттү. Жакында эле мүмкүн эмес көрүнгөн деңгээлди белгилеп, MBANK жаңы стандарттарды койду. Коноктор банк MTalX 2027де кандай инновацияларды сунуштай турганын ойлонуп калышты.
MBANK — биринчи санарип. Кыргызстандын өнүмү!
КРУБ №014 лицензиясы.