ky
image
Жеке жактарга
Бизнеске
MIslamic
image
ky

«Маниполиядагы» Mastercard баш байгесинин алгачкы жеңүүчүсү: MBANK кардары iPhone 17 утуп алды

2 Жетинин айы 2026

MBANKтын масштабдуу «Маниполия» акциясында Mastercard категориясы боюнча биринчи баш байгенин ээси аныкталды. Жаңы iPhone 17 смартфону MBANKтын кардары Манас кызы Б.га буюрду.

«Маниполия» акциясынын бардык катышуучулары күнүмдүк сатып алууларын төлөп, көнүмүш накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү менен кыялындагы белектерге ээ боло алышат. «Mastercard баш байгеси» категориясынын шарттарына ылайык, банктын кардарлары 12 даана iPhone 17 смартфонунун бирин утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу менен бирге, акциянын башкы супер байгеси — 2026-жылкы премиум класстагы BMW X5 унаасы үчүн да ат салыша алышат.

Смартфонду салтанаттуу тапшыруу учурунда алгачкы жеңүүчү Манас кызы Б. өзүнүн кубанычы менен бөлүштү:

«Түз эле колдонмодон iPhone утуп алганымды көрдүм. Башында көргөн көзүмө ишенбей, толкунданганымдан дароо 3333 номуруна чала баштадым. Мага чындап эле утканымды тастыкташканда, кубанычымды жашыра албай кыйкырып жибердим! Кийин мага чалып, дагы такташты, мен болсо дароо досторума чалып, утушумду айтып, аларды да катышууга үндөдүм. Чынын айтсам, такыр эле мындай болот деп күткөн эмесмин!»

Ийгиликти кайталап, баалуу байгелерге ээ болуу мүмкүнчүлүгү ар бир катышуучуда бар. Утушка катышуу үчүн төмөнкү жөнөкөй кадамдарды аткаруу жетиштүү:

1. MBANK колдонмосун ачыңыз.

2. Башкы экрандан «Маниполия» бөлүмүнө өтүңүз.

3. «Mastercard баш байгеси» категориясын тандаңыз.

4. Mastercard картасы менен Apple Pay аркылуу каалаган сатып алууларыңыз үчүн төлөм жүргүзүңүз.

Байге категорияларына катышуу шарттары:

• 500 сомдон 999 сомго чейин (кошкондо): iPhone 17 смартфонун утуп алуу оюнуна катышасыз.

• 1 000 сомдон жогору: башкы супербайге — BMW X5 унаасын утуп алуу оюнуна катышасыз.

Mastercard картаңыз менен Apple Pay аркылуу күнүмдүк сатып алууларыңызды бир баскыч менен төлөп, «Маниполияда» жүрүштөрдү чогултуңуз, MBANK жана Mastercard компанияларынан баалуу белектерге ээ болуңуз!

Акция 2026-жылдын 31-декабрына чейин уланат.

MBANK — биринчи санарип. Кыргызстандын өнүмү!

КР УБ №014 лицензиясы