«Пенсия MBANK’та»: пенсиялык картаны Соцфондго жана банкка барбастан онлайн тариздеңиз

MBANK жаңы «Пенсия MBANK’та» кызматын ишке киргизди. Пенсиялык картаны Социалдык фондго жана банкка барбастан, кезек күтпөй жана ашыкча документтерсиз онлайн тариздеңиз. Картаны чыгаруу, тейлөө жана жеткирүү акысыз.
Жаңы кызмат аркылуу пенсиялык картаны төмөнкү жарандар тариздей алышат:
- жакынкы 30 күндүн ичинде 58 жашка толо турган аялдар;
- жакынкы 30 күндүн ичинде 63 жашка толо турган эркектер;
- тиешелүү эмгек стажы бар жана пенсия тариздөөгө укуктуу жарандар.
Бул кантип иштейт
Пенсия курагына жетүүгө 30 күн калганда банк пенсиялык картаны тариздөө укугун автоматтык түрдө текшерет. Эгер укугуңуз ырасталса, MBANK колдонмосуна push-билдирүү келет.
Андан кийин төмөнкүлөрдү аткаруу керек:
- пенсиялык картаны акысыз жеткирүүгө буйрутма берүү;
- паспорттун түп нускасын көрсөтүп, картаны курьерден алуу;
- картаны MBANK колдонмосунда активдештирүү.
Карта активдештирилгенден кийин MBANK банктык реквизиттерди Социалдык фондго өз алдынча жөнөтөт. Банкка баруунун же реквизиттерди мекемеге өзүнчө тапшыруунун кереги жок.
Маанилүү: пенсия курагына жетүү пенсия автоматтык түрдө дайындалат дегенди билдирбейт. Картаны тариздөө сунушу пенсия алууга укук ырасталгандан кийин гана пайда болот. Пенсияны Социалдык фонд дайындайт жана эсептейт. MBANK төлөмдөрдү алуу үчүн банктык эсепти жана картаны берет.
MBANK пенсиялык картасынын шарттары:
- чыгаруу — 0 сом;
- тейлөө — 0 сом;
- жоголгон же уурдалган учурда кайра чыгаруу — 0 сом;
- жеткирүү — 0 сом;
- картадагы калдыкка жылдык 2%.
Мындан тышкары, пенсиялык картанын ээлери үчүн атайын сунуштар жеткиликтүү: 2026-жылдын 31-декабрына чейин «Ден соолук» категориясында 10%га чейин кешбэк, ошондой эле жылдык 13,5%га чейинки «Мурас» аманаты.
Социалдык фонддун кызматтарын санариптештирүүнүн жана пенсияларды проактивдүү дайындоого өтүүнүн аркасында жарандар пенсиялык картаны үйдөн чыкпай эле оңой тариздеп, төлөмдөрдү ала алышат.
MBANK — биринчи санарип! Кыргызстандын өнүмү!
КРУБ №014 лицензиясы.