ky
image
Жеке жактарга
Бизнеске
MIslamic
MAcademy
image
ky

Абайлаңыз, алдамчылар: MBANK «MBANK AI» тууралуу маалыматты четке кагат

10 Беш оона 2026

Социалдык тармактарда жана интернетте MBANK «MBANK AI» деп аталган кызматты — каржылык активдер менен соода жүргүзүүгө арналган автоматташтырылган платформаны ишке киргизгени тууралуу туура эмес маалымат таратууда.

MBANK расмий түрдө билдирет: банк бул өнүмгө эч кандай тиешеси жок, ал эми ага байланыштуу бардык маалыматтар алдамчылык мүнөздө.

Туура эмес маалымат Кыргызстандагы популярдуу ЖМКлардын биринин атын жамынган жасалма сайтта жарыяланууда. Муну менен алдамчылар өздөрүнүн жарыяларын ишенимдүү булактан чыккандай көрсөтүп, окурмандардын ишенимине кирүүгө аракет кылууда. Мындан тышкары, бул жарыя Facebook тармагындагы акы төлөнүүчү жарнама аркылуу жайылтылып, алдамчыларга дагы көп колдонуучуларды камтууга мүмкүндүк берүүдө.

Алдамчылар эмнени таратууда

Жасалма билдирүүлөрдө «MBANK AI» инвестициялар аркылуу киреше табууга мүмкүндүк берген онлайн-платформа экени, ал жогорку тактык менен иштеп, кирешелүү бүтүмдөрдү заматта жүргүзөрү айтылат. Алдамчылар 450 миң сомго чейин киреше табууга убада берүүдө. Бул — жалган маалымат. MBANK мындай нерсени сунуштабайт жана кепилдик бербейт.

Мындан тышкары, мындай жарыяларда «Mбанк» ААК башкармалыгынын төрагасы Максатбек Ишенбаевдин аты да мыйзамсыз түрдө колдонулууда. Белгилей кетсек, анын бул схемага да эч кандай тиешеси жок, ал эми аты-жөнү алдамчылар тарабынан эч кандай негизсиз пайдаланылууда.

Мындай жарыялардын максаты — жарандарды адаштырып, жогорку кирешелүү инвестициялар деген шылтоо менен алардын акчасын алдоо жолу аркылуу ээлеп алуу.

Маанилүү

MBANK «MBANK AI» аталышындагы кызматты же өнүмдү ишке киргизген эмес. Инвестициялардан кепилденген жана заматта киреше табууну убада кылуу — алдамчылыктын белгиси.

Абайлаңыз: жарнамалардагы же социалдык тармактардагы билдирүүлөрдөгү шилтемелерге өтүүдөн мурун сайттын дарегин жана маалымат булагынын расмий экенин дайыма текшериңиз. MBANKтын өнүмдөрү жана кызматтары тууралуу расмий маалыматты банктын расмий сайтынан жана MBANK колдонмосунан гана таба аласыз.

MBANK — биринчи санарип. Кыргызстанда түзүлгөн!

КР УБ №014 лицензиясы.