Акчаңызды жаңылыш которуп алдыңызбы — эми бул көйгөй эмес: MBANK коопсуз кайтаруу кызматын ишке киргизди

4 Бирдин айы 2026

Ар бирибизге бул тынчсыздандырган секундалар тааныш: туура эмес номур, сумманын ичинде ашыкча нөл — а бирок, акча болсо которулуп кетти. Мурда мындай каталар чоң көйгөйгө айланып, чалуулар, түшүндүрмөлөр жана жооп күтүүлөр менен коштолчу.

MBANK оюн эрежесин өзгөртөт.

Кыргызстанда биринчи жолу жаңылыш которулган акчаны MBANK колдонмосу аркылуу түз эле кайтарып алуу мүмкүн болду — алуучуга чалуунун, банкка кайрылуунун жана ашыкча аракеттердин да кереги жок. Баары онлайн жана болгону бир нече баскыч менен аткарылат.

Бул кызмат кардарлардын эң көп кездешкен маселелерин чечет: катадан кийинки стрессти азайтат, убакытты үнөмдөйт жана ашыкча талаш-тартыштардан арылтат. Кардар процессти колдонмо ичинде өзү башкарат — бул ачык, коопсуз жана түшүнүктүү.

Эгер сиз акчаны жаңылыш жөнөтүп алсаңыз — алуучуга дароо кайтаруу өтүнүчүн жөнөтө аласыз.

Эгер акча сизге белгисиз адамдан келип түшсө — аны жөнөтүүчүгө бир баскыч менен кайра кайтарсаңыз болот.

Ошентип, MBANK кардарлары өз финансылык операцияларын толук көзөмөлдөп, күтүүсүз кырдаалдарды тез жана технологиялык жол менен чече алышат.

MBANK аркылуу жаңылыш которулган акчаны кантип кайтарса болот

1) Эгер сиз акчаны жаңылыш жөнөтсөңүз (сиз — жөнөтүүчү)

  1. MBANK колдонмосун ачыңыз
  2. Операциялар тарыхчасына өтүңүз
  3. Акыркы 14 күндүн ичиндеги керектүү которууну таап, маалыматтарын ачыңыз
  4. «Кайтарууну сурануу» баскычын басыңыз

Алуучуга билдирүү жөнөтүлөт жана кайтарууну тастыктоо же четке кагуу чечимин ал гана кабыл алат.
Банк кайтарууга кепилдик бере албайт — акча алуучунун макулдугу менен гана кайтарылат.

2) Эгер сизге белгисиз адамдан акча келип түшсө (сиз — алуучу)

  1. MBANK колдонмосун ачыңыз
  2. Операциялар тарыхына өтүп, акыркы 14 күн ичиндеги кирген которууларды табыңыз
  3. Которуунун маалыматтарын ачыңыз
  4. «Акчаны кайтаруу» баскычын басыңыз

Каражат автоматтык түрдө жөнөтүүчүгө кайтарылат.

Эмне маанилүү

  • Кайтаруу алуучунун макулдугу менен гана мүмкүн
  • Кайтарууну 14 күн ичинде сураса болот
  • Өтүнүч 7 күн активдүү болот
  • Бардык аракеттер тарыхчада «Которууну кайтаруу» баскычында сакталат
  • Эки тарап тең билдирүү алат

Эми которууда кетирилген ката — тынчсызданууга себеп эмес. Кайтаруу процесси колдонмодогу кадимки аракеттердей эле жөнөкөй жана түшүнүктүү.

MBANK — ар кандай кырдаалда ишеним берген кызматтар.

КРУБ №014 лицензиясы