7 секундда ырастоо: MBusiness ишкерлер үчүн онлайн-кредиттин пайыздык ченин рекорддук 16%га чейин төмөндөттү

17 Бирдин айы 2026

7 секундда ырастоо: MBusiness ишкерлер үчүн онлайн-кредиттин пайыздык ченин рекорддук 16%га чейин төмөндөттү

Бизнеске шашылыш инвестиция талап кылынганда  товар алууга, жабдууга же ижарага  убакыт эң кымбат ресурс болуп калат. Банктын чечимин жумалап күтүүнүн кереги жок. Жеке ишкерлер үчүн MBusiness онлайн-кредити эми дагы пайдалуу шарттар менен жеткиликтүү - пайыздык чен жылдык 16%га чейин төмөндөтүлдү.

Эмнеси менен ыңгайлуу?

  • Төмөндөтүлгөн чен: жылдык 16% - бүгүнкү күндө бизнести өнүктүрүү үчүн эң жагымдуу сунуштардын бири.
  • Толугу менен онлайн: эч кандай маалымкат, банкка баруу же кезек күтүү талап кылынбайт.
  •  Ылдамдык: арызыңыз болгону 7 секундда каралат. Сиз кийинки кадамыңызды пландап жатканда, чечим даяр болот.

Шарттар жөнөкөй жана ачык:

  • Суммасы: 500 000 сомго чейин;
  • Мөөнөтү: 36 айга чейин;
  • Кимдер үчүн: 18ден 65 жашка чейинки жеке ишкерлер;
  • Ыңгайлуулук: онлайн тариздөө, кагаз маалымкаттарсыз.

Эгер сизге 200 000 сомго чейин керек болсо, каражат дароо эле алыш-бериш эсебиңизге түшөт. Эгер сумма андан жогору болсо - кредитти жыйынтыктоо үчүн MBANK бөлүмүнө кайрылсаңыз болот. Бизнесиңиздин өсүшүн «кийинге» калтырбаңыз.

MBANK расмий сайтынын маалыматына ылайык, ЭПЧ 18,53% түзөт.

MBANK — биринчи санарип. Кыргызстанда жасалган!