Дүйнөнү бир дасторконго бириктирген «Көчмөндөр ашканасы»: MBANK — башкы демөөрчү

Теңир-Тоонун тоолору Ысык-Көлдү көздөй түшкөн Кырчын капчыгайында бүт дүйнө бир дасторконго чогулду. Бул дасторконду коноктор менен бирге гастрономиялык «Дүйнөлүк көчмөндөр ашканасы – 2026» фестивалынын башкы демөөрчүсү MBANK да бөлүштү. Быйыл фестиваль Ысык-Көл жээгинин беш жеринде — этно шаарчадагы этно-базарлар менен кошо өтүүдө.
1-сентябрдан 6-сентябрга чейин бул жердеги ачык асман алдында, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эң жаркын майрамы өтүп жатат. Дасторкон дүйнөнүн 15 өлкөсүнөн келген 15 ашпозчуну бириктирди. Алар кылымдарды карыткан көчмөн элдердин муундан муунга өтүп келген рецепттерин кайрадан жандандыруу үчүн казандын жанына чогулушту.
Майрамдын масштабы анын жылуу маанайынан кем эмес таасир калтырат: Кырчында 70тен ашуун ресторан ачылып, оюндардын бардык аянттарында конокторду 150дөн ашык тамактануучу жай тосуп алып жатат. Уюштуруучулар күн сайын 200 миңден ашуун конокту күтүшүүдө. Этно шаарчанын аймагына кирүү бардык коноктор үчүн акысыз.
Майрам ашкана менен гана чектелбейт. Дасторкондун жанында өлкөнүн бардык аймактарынан келген усталар кол эмгегинен жаралган буюмдарын тартуулаган Этно-базар жайгашты. Бул жерден кийизден, чийден жасалган буюмдарды, жасалгаларды жана кыргыз кол өнөрчүлүгүнүн жан дүйнөсү сиңген уникалдуу эмгектерди көрүүгө болот.
Коноктор майрамдан төлөм тууралуу түйшүк эмес, жакшы гана таасирлерди алып кетиши үчүн MBANK атайын каржылык жана технологиялык чечимдерди даярдады. Ар бир конок майрамдын каалаган жеринен сатып алган буюму же даам таткан тамагы үчүн ыңгайлуу төлөй алат.
Дал ушул идея банктын фестиваль менен өнөктөштүгүнүн негизин түзөт. MBANK белгилегендей, «Көчмөндөр ашканасы» элдерди даам жана салт аркылуу бириктирет. Ал эми Кыргызстанда жаралган банк дүйнөлүк деңгээлдеги масштабдуу улуттук иш-чараларды колдоп, өлкөбүзгө келген коноктор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп келет.
MBANK фестивалдын башкы өнөктөшү болушу бекеринен эмес. Бул банк үчүн улуттук тамырларга болгон берилгендигин жана меймандостук маданиятына болгон баалуулуктарын көрсөтүүнүн дагы бир жолу. Бул анын «MBANK. Кыргызстандын өнүмү!» деген ураанында да чагылдырылат.
MBANK — биринчи санарип. Кыргызстандын өнүмү!
КР Улуттук банкынын №014 лицензиясы.