Visa Infinite премиалдык карталарынын шарттарынын жаңыртылышы

2026-жылдын 19-январынан баштап, Visa Infinite премиалдык карталары үчүн жаңы шарттар күчүнө кирет, ал Бишкек шаарындагы “Манас” Эл аралык аэропортунун VIP-залына кирүү мүмкүнчүлүгүн камтыйт.
Артыкчылыктарды алуу үчүн минималдуу чыгым суммасы
Visa Infinite карталарынын ээлери VIP-залга кирүү үчүн эсептик мезгил ичинде кеминде 80 000 сомдук сатып алууларды жасашы керек. Эсептик мезгил акыркы 30 күн ичинде жасалган бардык операцияларды камтыйт.
*Текшерүүнүн жалпы мөөнөтү – 35 календардык күн (соңку 5 күндүк эсептөөлөр эске алынбайт).
Кайсы операциялар эсепке алынат?
-
Ички жана тышкы POS терминалдардагы соода операциялары, ошондой эле интернет аркылуу (E-commerce).
-
Google Pay жана Garmin Pay аркылуу жасалган төлөмдөр.
-
Операциялардын саны эмес, жалпы суммасы маанилүү.
Кайсы операциялар эсепке алынбайт?
-
Нак акча алуу.
-
Карта аркылуу жүргүзүлгөн накталай эмес которуулар.
-
Картага байланыштуу эсептер боюнча операциялар (интернет-банкинг аркылуу которуулар, кредит төлөмдөрү, реквизиттер боюнча которуулар, P2P которуулар, QR жана башкалар).
Эгер карта жаңы гана чыгарылып, зарыл сумманы сарптоо мүмкүн болбосо, артыкчылыктарды алуу чыгымдардын минималдуу чегине жеткенден кийин гана мүмкүн (80 000 сом).