MTravel Day: Бишкектеги саякат индустриясынын башкы иш-чарасы кандай өттү
14-май күнү MTravel Day авиация жана туризм тармагынын өкүлдөрүн, бизнести жана санарип өкүлдөрүнүн башын бириктирди. Иш-чара масштабдуу жаңыланууларды тааныштыруу жана Кыргызстандагы саякаттын келечеги тууралуу ачык диалог жүргүзүү үчүн ири аянтчага айланды.
Жаңы доор: Bookit ребрендинги жана MBANK экосистемасы
Күндүн негизги окуясы MTravel кызматынын жаңыланууларын тааныштыруу болду. MTravel’дин CEO өкүлү Евгений Быстров масштабдуу ребрендинг аяктаганын расмий жарыялады: Bookit.kg кызматы толугу менен MTravel’ге айланды.
Бирдиктүү брендге өтүү сапаттуу жаңы деңгээлди билдирет: эми бул жөн гана авиабилеттерди сатып алуу кызматы эмес, MBANK экосистемасына интеграцияланган толук кандуу travel-платформа.
Эми колдонуучулар колдонмонун ичинде төмөнкү кызматтарды пайдалана алышат:
- Кыргызстан боюнча мейманканалар — ички туризмди өнүктүрүү жана эс алууну ыңгайлуу брондоо үчүн;
- Өлкө ичиндеги бир күндүк турлар — дем алыш күндөрүнө даяр чечимдер;
- Эл аралык турлар — чет өлкөдө эс алуу үчүн пакеттик сунуштар;
- Саякаттарга 12 айга чейин бөлүп төлөө — бюджетти ыңгайлуу пландап, дароо чоң чыгымсыз саякаттоого мүмкүнчүлүк берет.
«MTravel — саякаттарды, каржыны жана күнүмдүк кызматтарды бириктирген чоң санарип экосистеманын бөлүгү болуп калмакчы. Бул өзгөрүү саякаттарды дагы жеткиликтүү, тез жана ыңгайлуу кылуудагы маанилүү кадам», — деп белгиледи Евгений Быстров.
MBANK командасы ошондой эле колдонуучулардын жашоосун жеңилдетүүгө байланышкан багыттарды сунуштады: бизнес үчүн “MBusiness” чечимдери жана “М+” бөлүп төлөө программасы.
Индустрия гиганттары менен диалог
Иш-чарага ири жергиликтүү жана эл аралык авиакомпаниялардын жетекчилеринин катышуусу өзгөчө маани тартуулады. Спикерлер жакынкы жылдары жүргүнчү ташуу рыногуна түз таасир эте турган пландары менен бөлүштү:
- Air Astana: аймактык менеджер Алибек Берикбосынов өнүгүү стратегиясы, эл аралык каттамдардын түрдүүлүгү жана жаңы долбоорлор тууралуу айтып берди.
- ОАО «Кыргызстан Аэропортторунун»: коммерция боюнча директору Аман Мамаев өлкөнүн авиациялык инфраструктурасындагы ири жаңылануулар тууралуу айтып, жарандык авиацияны өнүктүрүүдөгү компаниянын ролун белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү күндө компания өлкө боюнча 11 аэропортту жана миллиондогон жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыз кылган миңдеген адистерди бириктирет.
- AeroNomad: коммерциялык кызматтын директору Диларам Аширметова эл аралык каттам тармагынын өсүшү жана жүргүнчү агымынын жогорку көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берди.
- Tez Jet: сатуу жана кардарларды тейлөө боюнча менеджер Элина Рыспаева компаниянын глобалдык авиация системасын колдоодогу ролун белгилеп, учурдагы эл аралык каттамдар картасын сунуштады.
Ошондой эле иш-чарага Sky Fru, Asman жана AJet компаниялары катышып, конокторго баалуу белектерди тартуулашты.
Стамбулга билеттер жана премиум статус: кеч кандай өттү
Саамалыктын расмий бөлүгү тез эле чоң travel-майрамдын атмосферасына өттү. Коноктор белектерге, активдүүлүктөргө жана кеченин эң талкууланган бөлүгүнө айланган утуштарга ээ болушту.
Белектердин арасында World Elite Mastercard премиалдык карталарына сертификаттар жана популярдуу багыттар боюнча авиабилеттер камтылды:
— Бишкек — Москва;
— Бишкек — Ош;
— Бишкек — Алматы.
Кеченин башкы белеги Түркиянын ири шаарлары — Стамбул жана Анкарага авиабилеттер болду.
Өткөн иш-чара Кыргызстандагы саякат индустриясы ачыктык жана технологиялык өнүгүүнүн жаңы деңгээлине чыгып жатканын көрсөттү. MTravel Day жаңы өнөктөштүктөр үчүн баштапкы чекит болуп, MBANK’тын жашоо жана бизнес үчүн санарип кызматтарды түзүүдөгү лидер статусун дагы бир жолу тастыктады.
MBANK — биринчи санарип!
КР УБ №014 лицензиясы