ky
image
Жеке жактарга
Бизнеске
MIslamic
MAcademy
image
ky

MKassa “MPay комиссиясын нөлгө түшүрүү” акциясын 2026-жылдын аягына чейин узартты

31 Жалган куран 2026

MKassa жаңы кардарлар үчүн «MPay комиссиясын нөлгө түшүрүү» акциясын улантууда. Акция 2026-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейин MKassa’ны биринчи жолу туташтырган жеке ишкерлер жана юридикалык жактар үчүн арналган.

«MPay комиссиясын нөлгө түшүрүү» MKassa туташтырылганда автоматтык түрдө ишке кирет. Бирок MBonus лоялдуулук программасы боюнча мурда келишим түзгөн жеке ишкерлер жана юридикалык жактар үчүн бул акция колдонулбай турганына көңүлүңүздөрдү бурабыз.

Акцияга катышуу үчүн анын мөөнөтүндө MKassa туташтыруу боюнча арыз калтыруу жетиштүү. Кызмат орнотулгандан кийин жаңы кардар дароо программага кошулат жана MPay аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуу комиссиясы 2026-жылдын 31-декабрына чейин нөлгө түшүрүлөт.

Акциядан максималдуу пайда алуу үчүн кардарларыңызга MPay төлөм ыкмасын тандоону сунуштаңыз. Бул ыкма бюджетти үнөмдөйт жана сатып алуучулар үчүн да ыңгайлуу, анткени төлөмдөр дароо өтүп, интернетсиз жеткиликтүү.

Mkassa’ны туташыңыз жана MPay аркылуу төлөмдөрдү кошумча чыгымсыз кабыл алыңыз!

MBANK — биринчи санарип! Кыргызстанда жасалган.
КР УБ №014 лицензиясы.