MIslamic Кыргызстандагы эң ири имамдар арасындагы сынакты ийгиликтүү жыйынтыктады

MIslamic — Кыргызстандагы имамдар жана алардын орун басарлары арасында өткөрүлгөн эң ири республикалык сынактын өнөктөшү болду. Бул демилге Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) жана “Дарак” басма үйү менен биргеликте бүткүл өлкөнү камтыды. Жалпысынан 2 500гө жакын имам катышып, бул иш-чара акыркы жылдардагы диний билим берүү жаатындагы маанилүү окуялардын бири болуп калды. Сынактын максаты — ислам банкингин өнүктүрүү гана эмес, күн сайын коомго баалуулуктарды сиңирип, диний билимди жайылтып жүргөн адамдарды колдоо болчу.
Билим — келечекке болгон салым
Сынакты жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн өлкө боюнча мечиттерге төмөнкү 2 негизги китептин 2 500 нускасы таратылды:
📘 «Мухтасар аль-Викоя» — ханафий мазхабы боюнча мусулмандын күнүмдүк жашоосуна байланыштуу практикалык колдонмо.
📗 «Ислам банкинги» — Тажидин Эшанкуловдун суроо-жооп форматындагы китеби, заманбап банк иштеринде ислам финансысынын колдонулушу тууралуу.
Имамдар апрель айынан тарта бул китептерди окуп башташкан. Исламдык каржылары боюнча тест 20-июнда, ал эми сыйлык тапшыруу аземи 25-июнда «Манас» театрында өткөн.
MIslamic сынак үчүн жалпы 570 000 сомдук байге фондун бөлүп берген. Ал эми КМДБ жана “Дарак” басма үйү 2 Умра сапарына жолдомо тапшырды. Катышуучулардын ар бири ислам укугу жана банкинг боюнча баалуу билимге ээ болушту. Бул иш-чара билим берүү жана ислам баалуулуктарын муундан муунга өткөрүүдө үзгүлтүксүз өнүгүүнүн маанилүүлүгүн көрсөттү.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
Каттабеков Каттабек
Саитов Абдуррахман
Жумабаев Абдимажит
Абдипатта уулу Манас
Тороханов Мирлан
Молонкулов Касымбек
Мансуров Мураталы
Сулайманов Таалайбек
Осмоналиев Кушчубек
Жолдошбек уулу Амантур
Зарылбеков Бектен
Азимов Санжар
Түлѳбердиев Руслан
Салайдинов Сапун
Кудайберген Абдуррахим
Орозалиев Нурлан
Меирманов Анарбек
Саидов Киромидин
Амиров Убайдулла
Мурзакан уулу Нуртилек
Шүкүрбек уулу Нурмухаммед
Кудайбердиев Муратбек
Рыскул уулу Бактыбек
Темирбаев Або Бакир
Шамов Абдурашид
Кулматов Ысакбай
Ибраимов Тариел
Рысбаев Бекболсун
Нурмамат уулу Жоомартбек
Марат уулу Абу Бакир
Бактыбеков Ислам
Мусалы уулу Кутман
MBANKтан MIslamic — Исламдык санарип!
КРУБ №14\1 лицензиясы