ky
image
Жеке жактарга
Бизнеске
MIslamic
MAcademy
image
ky

MIslamic Кыргызстандын Исламдык каржы ассоциациясынын толук кандуу мүчөсү болду

18 Кулжа 2026

MIslamic расмий түрдө Кыргызстандын Ислам каржы ассоциациясынын курамына кирди. Тиешелүү документтерге кол коюу аземи 15-июнда Бишкек шаарында өттү. Документке MBANKтын Башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Кайратбек Суранаев жана Ислам каржы ассоциациясынын төрагасы Талант Керимбаев кол коюшту. Буга чейин каржы институту уюмдун ишине ассоциацияланган мүчө катары катышып келген.

Ассоциациянын толук кандуу мүчөсү болуу менен MBANK ислам банкингин өнүктүрүүнү көздөйт. Кайратбек Суранаев белгилегендей, ассоциацияга мүчөлүк жарандардын исламдык каржы продуктыларына болгон ишенимин жогорулатууга жардам берет.

«Исламдык каржы өзүнүн табияты боюнча кризистерге туруктуураак келет, анткени ал адилеттүүлүк жана тобокелдиктерди кылдат баалоо принциптерине негизделет. Биздин максат — бул кызматтарды ар бир адам үчүн жөнөкөй жана жеткиликтүү кылуу», — деди ал.

Ассоциацияда бул максаттарды толук колдошот.

«Бүгүнкү кол коюу биздин ассоциация үчүн гана эмес, учурда активдүү калыптанып жаткан бүткүл профессионалдык рынок үчүн чоң мааниге ээ. Биз өлкөдөгү эң ири коммерциялык банктардын бири менен келишим түзүп жатабыз. Бүгүнкү күндө MBANK лидерлик позицияны ээлеп, ислам каржы тармагында локомотив болуп саналат. Бул биз үчүн өтө маанилүү жана кубанычтуу окуя. Мен банктын жетекчилигине жана жалпы командасына стратегиялык көз карашы үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирем. Алар башкалар али байкай элек мүмкүнчүлүктөрдү көрө билишет. Бул абдан баалуу сапат», — деди Талант Керимбаев.

Жакынкы максаттар жана милдеттер

Жакынкы мезгилде Ассоциация менен банк билим берүү долбоорлоруна жана Малайзиядан, Лондондон жана Перс булуңундагы өлкөлөрдөн капитал тартууга басым жасашмакчы.

«Регионго Кытай дагы кызыгуу көрсөтүүдө. КЭРдин эксперттери ислам банкингинин жергиликтүү тажрыйбасын кеңири изилдөөнү пландаштырууда. Мындан тышкары, Шариат стандарттарын улуттук мыйзамдарга ылайыкташтыруу жана исламдык камсыздандырууну өнүктүрүү боюнча иштер улантылат. Ошондой эле ишкерлерди колдоого өзгөчө көңүл бурулат», — деди Талант Керимбаев.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө компаниялар үчүн ислам принциптерине негизделген колдоо абдан маанилүү. Ошондуктан негизги милдеттердин бири катары ишкерлер коомчулугу менен тыгыз жана конструктивдүү диалог түзүү каралууда. Жолугушуунун катышуучулары мындай чаралар кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жеңилдетип гана тим болбостон, калктын каржы системасына болгон ишенимин дагы арттырарын белгилешти.

Эл аралык деңгээлге чыгуу

Ассоциация буга чейин эле улуттук рыноктун чегинен чыгып кеткен. Негизги демилгелердин бири катары коңшу өлкөлөрдү бириктирген Ислам каржы боюнча эл аралык альянсты түзүү болду.

«Май айында Астанада Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын кесиптик ассоциацияларынын ортосунда Эл аралык альянсты түзүү боюнча меморандумга кол койдук. Бул идеяны өткөн жылдан бери алдыга сүрөп келгенбиз. Эми бизге Россия менен Тажикстандын өкүлдөрү да кошулууга ниеттенүүдө», — деди Ассоциациянын жетекчиси.

Анын айтымында, Кыргызстан чет өлкөлүк тажрыйбаны жөн эле көчүрбөстөн, өзүнүн өнүгүү жолун түзүшү керек.

«Биз үчүн өз моделибизди өнүктүрүү маанилүү. Бардык макулдашуулар толук бекемделгенден кийин, ислам каржысын өнүктүрүүнүн кыргыз модели бүтүндөй Евразия мейкиндигине жайыла баштайт. Бул процессте Ассоциациянын курамындагы биринчи банк катары MBANK негизги ролду ойнойт», — деп белгиледи ал.

Маалымат үчүн

Кыргызстандын Ислам каржы ассоциациясы 2013-жылдан бери иштеп келет. Бирок 2025-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Өкмөтү менен тыгыз кызматташтыкты жолго коюп, активдүү өнүгүү этабына өткөн. Бүгүнкү күндө уюмга 10дон ашык компания мүчө болсо, жакынкы аралыкта дагы үч банк кошулуп, рыноктун 90%ына чейин камтууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Эске салсак, MIslamic менен Ассоциациянын кызматташуусу 2025-жылдын июнь айында башталган. Толук кандуу мүчө макамынын берилиши банктын бул тармактагы лидерлик позициясын жана өлкөнүн туруктуу каржы системасын калыптандырууга кошкон салымын дагы бир жолу тастыктайт.

MBANK — биринчи санарип! Кыргызстанда жасалган.

КР УБ №014/1 лицензиясы.