Такси лицензиясын Кыргызстанда онлайн кантип тариздөөгө болот?

MBANK жана КР ИИМдин ЖКККББсы жүргүнчү ташуулар үчүн лицензияны онлайн тариздөө боюнча санариптик кызматты ишке киргизет
MBANK Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) менен биргеликте жүргүнчү ташуу ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө лицензия алуу үчүн жаңы санариптик кызматты ишке киргизүүдө.
Эми айдоочулар лицензия алуу үчүн арызды тапшырып, төлөмдү түздөн-түз MBANK мобилдик колдонмосу аркылуу жүргүзө алышат. Жаңы кызмат мамлекеттик санариптик кызматтарды өнүктүрүү жана алардын жарандар үчүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында түзүлгөн биргелешкен иштин жыйынтыгы болуп саналат.
Лицензияны кантип тариздөөгө болот?
Лицензия алуу үчүн MBANK колдонмосу орнотулган смартфон гана керек.
• MBANK колдонмосун ачыңыз.
• «Кызматтар» бөлүмүнө өтүп, «Мамлекеттик кызматтарды» тандаңыз.
• Издөө тилкесинен же тизмеден «Таксини лицензиялоо» кызматын тандаңыз.
• Керектүү маалыматтарды киргизип, тиешелүү документтерди тиркеңиз. Эгерде сизде ОСГОПП камсыздандыруу полиси жок болсо, аны дагы MBANK колдонмосунан түз эле тариздей аласыз.
• Арызды ырастап, төлөмдү жүргүзүңүз.
• Арыз каралып бүткөндөн кийин лицензия «Түндүк» колдонмосунун электрондук документтер бөлүмүндө көрүнөт.
Бир нече гана баскычты басуу менен керектүү документ ар дайым санариптик форматта колуңузда болот.
Жаңы кызматтын ишке кириши мамлекеттик органдар менен каржы секторунун Кыргызстандын санариптик экосистемасын өнүктүрүүдөгү натыйжалуу кызматташтыгынын дагы бир мисалы болуп саналат.
MBANK — биринчи санарип!
КР УБ №014 лицензиясы.