Нарын шаарында MIslamic’тин жаңы каржылоо бөлүмү иштей баштады.

Бул бөлүмдө кардарларга Шариат талаптарына шайкеш келген альтернативдүү каржылоо куралдары — Мурабаха, Ижара, Истиснаа, Мудараба, карталар ж.б. сунушталат.
Өзүнчө каржылоо бөлүмүнүн ачылышы — Нарын облусунда ислам каржылоосун өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам. Максат — кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана регион тургундарын Шариатка ылайык каржылык кызматтар менен камсыз кылуу.
Ислам каржылоосу төмөнкү принциптерге негизделет:
Риба (пайыздык киреше) тыюу салынат — акча өзүнөн-өзү киреше алып келбейт, киреше реалдуу экономикалык иш аркылуу пайда болушу керек;
Гарар (белгисиздик) тыюу салынат — бардык келишимдер так, түшүнүктүү жана жашыруун шарттарсыз болушу керек;
Шариатта уруксат берилген ишмердүүлүктү гана каржылоо — тыюу салынган товарлар жана кызматтар каржыланбайт;
Чыныгы экономикалык негиз — бүтүм реалдуу активге негизделет (товар, кыймылсыз мүлк, авто, жабдуу ж.б.);
Этикалуулук жана социалдык жоопкерчилик — алкоголь, тамеки жана коомго зыяндуу же тыюу салынган ишмердүүлүктү каржылоого жол берилбейт.
Нарын шаарынын тургундары үчүн кеңири каржылык мүмкүнчүлүктөр сунушталат:
• Керектөөчүлөр үчүн каржылоо: тиричилик техникасы, эмерек, курулуш материалдары жана башка товарларды сатып алуу;
• Бизнес каржылоо: товар жүгүртүүнү көбөйтүү, жабдуу, техника, коммерциялык кыймылсыз мүлк сатып алуу, инвестициялык максаттар;
• Автокаржылоо;
• Ипотекалык каржылоо;
• Медициналык, билим берүү, туристтик жана башка кызматтарды төлөө, анын ичинде Умра сапарына чыгуу.
• Жылдык кирешелүүлүгү 16%га чейин болгон депозит.
• Банк карталары
Дарегибиз: Нарын ш., Сагынбай Орозбак көч., 47а
Иштөө убактысы: дүйшөнбү–жума, 08:30–17:30. Түшкү тыныгуу: 12:00–13:00.
MIslamic — биринчи исламдык санарип кызмат!
КРУБ №014/1 лицензиясы