ky
image
Жеке жактарга
Бизнеске
MIslamic
MAcademy
image
ky

MINVEST OTC аркылуу криптовалюта менен эл аралык эсептешүүлөр: бизнесиңиз үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр

31 Теке 2026

Бүгүнкү күндө салттуу банк системасы аркылуу эл аралык төлөмдөрдү жүргүзүү көп убакытты талап кылган татаал процесске айланды. Каражаттар корреспондент-банктардын эсептеринде бир нече жумага чейин кармалып калышы мүмкүн, комплаенс кызматтары кошумча документтерди талап кылат, ал эми валюталык чектөөлөр улам күчөп жатат. Узакка созулган текшерүүлөрдүн жүрүшүндө валюта курсу өзгөрүп, бүтүмдүн кирешелүүлүгүнө таасирин тийгизиши мүмкүн.

Ири суммалар менен иштеген бизнес жана жеке кардарлар үчүн мындай кечигүүлөрдүн болбошу өзгөчө маанилүү. Келишимдердин үзгүлтүккө учурашы, логистиканын токтоп калышы жана каражаттардын убактылуу жеткиликсиз болушу компаниялар үчүн олуттуу тобокелдик жаратат. Ошондуктан MBANK экосистемасы жана MINVEST OTC биргелешип криптовалюта аркылуу тез, коопсуз жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эл аралык эсептешүү мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.

Эмне үчүн салттуу эл аралык төлөмдөр дайыма эле бизнеске ылайыктуу боло бербейт?

Эл аралык төлөмдөрдү жүргүзүүдө ишкерлер көбүнчө төмөнкү маселелерге туш болушат:

  • Төлөмдөрдүн кечигиши — каражаттар корреспондент-банктардын этаптарында кармалып калышы мүмкүн.
  • Кошумча документтердин талап кылынышы — комплаенс текшерүүлөрү төлөмдү узак убакытка кечеңдетиши мүмкүн.
  • Валюталык чектөөлөр — айрым багыттар боюнча ликвиддүүлүктүн жетишсиздиги жана кеңири спреддер.
  • Курстук тобокелдиктер — төлөм жүргүзүлүп жаткан аралыкта валюта курсунун өзгөрүшү.

MINVEST OTC чечими: ылдамдык, коопсуздук жана мыйзамдуулук

Биз блокчейн технологиясынын ылдамдыгын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынган ишмердүүлүк менен айкалыштырдык. Ар бир операция жеке менеджердин коштоосунда жүргүзүлүп, төмөнкү артыкчылыктарды сунуштайт:

  • Жогорку ылдамдык жана ликвиддүүлүк — активдерди түз жеткирүү каналдарынын эсебинен бүтүмдүн негизги этаптары болжол менен 1 сааттын ичинде аткарылышы мүмкүн.
  • Курс алдын ала бекитилет — өтүнмө ырасталгандан кийин курс өзгөрбөйт.
  • Мыйзам талаптарына толук шайкештик — бардык операциялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана AML/KYC талаптарына ылайык жүргүзүлөт.

Процесс кандай жүргүзүлөт?

Кардарлар үчүн бардык процедуралар мүмкүн болушунча жөнөкөйлөштүрүлгөн.

  1. Алкактык келишим түзүлөт — бир жолу гана таризделет (3–5 жумуш күнү). Андан кийин ар бир жаңы операция үчүн документтерди кайрадан чогултуунун зарылдыгы болбойт.
  2. Өтүнмө берилет — менеджерге кайрылып, 50 000 АКШ долларынан башталган бүтүмдүн параметрлерин билдиресиз.
  3. Шарттар макулдашылат — курс эсептелип, бүтүмдүн шарттары такталып, бир барактан турган тапшырмага кол коюлат.
  4. Эсептешүү жүргүзүлөт — каражаттарды которуп, жооп катары фиат валютасын же криптовалютаны болжол менен 1 сааттын ичинде аласыз.

Биз менен байланышыңыз

Бизнесиңиздин эл аралык эсептешүүлөрүн бүгүнтөн баштап оптималдаштырыңыз. MBANK экосистемасындагы MINVEST OTC жеке менеджери менен байланышып, биринчи бүтүмүңүз боюнча кеңеш алыңыз.