ky
close icon
image
search icon
burger icon
close icon
Жеке жактарга
Бизнеске
MIslamic
MAcademy
image
ky
search icon

MBusiness жеке ишкерлер үчүн онлайн-кредиттер боюнча ченди 18%га чейин түшүрдү!

21 Тогуздун айы 2025

MBANK: Бизнес менен бир кадамда — онлайн-кредиттер Кыргызстандагы чакан жана орто ишкерлик сектору өсүшүнүн негизги кыймылдаткычы

Кыргызстандагы чакан жана орто ишкерлик сектору — өлкө экономикасынын негизги тиреги. Улуттук статистика комитетинин 2024-жылдагы маалыматына ылайык, бул сектордун ички дүң өнүмүндөгү үлүшү 43,6% болуп, жалпы кошумча нарктын көлөмү 664,6 млрд сомго жеткен. Өлкөдө 25 миңден ашуун чакан жана орто ишкерлик субъекттери иш алып барат, алардын 96,5% — чакан ишканалар.

Чакан жана орто бизнестин өлкө экономикасына кошкон чоң салымын эске алуу менен, MBANK миңдеген ишкерлер үчүн ишенимдүү өнөктөш болуп, аларга тез жана жеткиликтүү онлайн-кредиттерди сунуштайт.

Жаңы жана пайдалуу шарттар

Эми ишкерлер керектүү каражаттарды жылдык 18% менен ала алышат.
Натыйжалуу пайыздык чен — жылына 20,85%.
Бул MBusiness онлайн-кредитин рыноктогу эң пайдалуу сунуштардын бирине айлантат.

Онлайн-кредиттин негизги артыкчылыктары

MBusiness ишкерлердин убактысын жана ресурстарын баалаган, заманбап жана ыңгайлуу чечимди сунуштайт:

  •  Тез чечим: арыз боюнча жооп болгону 7 секундда келет.

  •  Жөнөкөй шарттар: күрөөсүз, кепилдик берүүчүсүз жана маалымкатсыз.

  •  Толугу менен онлайн: 200 000 сомго чейин — офиске келбестен, каражат түздөн-түз эсепке түшөт.

  •  Ыңгайлуу башкаруу: төлөм графигин караңыз, төлөмдөрдү жасаңыз жана кредитти мөөнөтүнөн мурда жабыңыз — мунун баары MBusiness колдонмосунда.

  •  Өсүштү колдоо: алынган каражатты товар сатып алуу, кампаны толуктоо же учурдагы төлөмдөрдү жабууга багыттаса болот — бул “кассалык боштуктарды” алдын алат.

Эгер ишкерге көбүрөөк сумма керек болсо, MBusiness 500 000 сомго чейин кредит бере алат. Чечим да онлайн кабыл алынат (7 секунд ичинде), бирок 200 001 сомдон жогору суммалар үчүн кардарлардын коопсуздугун камсыздоо максатында банк бөлүмүнө чакыруу каралган.

Кардарлар тууралуу камкордук — “Муздатуу мөөнөтү”

MBusiness кардарлардын коопсуздугун жогорулатуу үчүн атайын Муздатуу мөөнөтүн киргизди — бул убакыт ичинде кардар чечимин кайра карап чыга алат:

  • 50 000 – 100 000 сом: 4 саат

  • 100 000 – 200 000 сом: 12 саат

Бул мөөнөт кардарга чечимине толук ишенүүгө жана мүмкүн болгон алдамчылыктардан сактанууга жардам берет.

Чакан жана орто ишкерлик сектору — өлкө экономикасынын кыймылдаткычы

Чакан жана орто бизнестин ийгилиги түздөн-түз мамлекеттин каржылык туруктуулугуна таасир этет.
Кыргызстанда 2024-жылы Салык кызматы 228,2 млрд сом өлчөмүндө рекорддук салык жана төлөмдөрдү жыйнаган. Ошондой эле чакан жана орто ишкерлик үчүн негизги болгон бирдиктүү салык түрү 8 млрд сомго жогорулаган.

MBANK өлкөнүн ишкерлерине ишенимдүү өнөктөш болуп, ар бир келечектүү бизнес-планды убактылуу ликвиддүүлүк көйгөйлөрү токтотпошуна кепилдик берет.

 Толук маалымат: https://mbank.kg/mbusiness/online_loan
 MBusiness — Кыргызстандагы ишкерлер үчүн №1 колдонмо
КРУБ №014 лицензиясы