ky
image
Жеке жактарга
Бизнеске
MIslamic
MAcademy
image
ky

MBazar – MBANK экосистемасындагы жаңы жарыялар кызматы

25 Аяк оона 2026

MBANK экосистемасын кеңейтип, универсалдуу жарыялар кызматы – MBazarды сунуштайт. Эми товарларды сатып алуу жана сатуу, кызматтарды, бош жумуш орундарын жана адистерди издөө Кыргызстандын бардык жашоочулары үчүн бир ыңгайлуу жерде жеткиликтүү.

MBazar деген эмне?

MBazar – жеке колдонуучулар жана бизнес үчүн бирдиктүү сервис. Бул жерден ар бир адам өз товарларына тез арада сатып алуучу таап, кесиптик кызматтарын сунуштап же компаниясынын жарыяларын жайгаштыра алат.

Сервисте сиз:

• Товарларыңыз жана кызматтарыңыз тууралуу жарыяларды акысыз жайгаштыра аласыз;
• Издөө жана категориялардын жардамы менен керектүү нерсени таба аласыз;
• Сатуучулар жана сатып алуучулар менен байланыша аласыз;
• Өз кызматтарыңызды сунуштай аласыз;
• Жумуш же кызматкер издей аласыз.

Үйүңүздө колдонбой калган буюмдарыңыз болсо, жарыя жайгаштырып, аларга сатып алуучу таба аласыз. Ал эми кызмат көрсөтсөңүз, MBazar аларды потенциалдуу кардарларга сунуштоого жардам берет.

MBazarды кантип колдонсо болот?

1. MBANK тиркемесин ачыңыз.
2. MBazar бөлүмүнө өтүңүз.
3. Болду!

MBANK мобилдик тиркемесинин ичинде оңой жана тез сатып алыңыз, буюмдарыңызды сатыңыз жана керектүү адистерди табыңыз.

MBazarда сатып алыңыз жана сатыңыз!

MBANK – Кыргызстандын биринчи санариптик банкы!

КР Улуттук банкынын №014 лицензиясы