MBANK аманаттар боюнча пайдалуу сунушту ишке киргизди: 18 айга жылдык 14,10%

Топтогон акчаңызды сактап, кошумча киреше алуу үчүн туура тандалган аманат жардам берет. MBANK кардарларына жаңы сунуштан пайдаланып, 18 айлык мөөнөткө жылдык 14,10% үстөк чени менен мөөнөттүү аманат ачууну сунуштайт.
Бул сунуш акчасын белгилүү бир мөөнөткө топтоп, аманатынан киреше алууну каалагандар үчүн ылайыктуу. Мөөнөттүү аманат акчаны сактоо мөөнөтүн жана үстөк ченин алдын ала аныктоого мүмкүндүк берет. Бул келечектеги каржыңызды пландаштырууга жардам берет.
Жылдык 14,10% менен аманатты кантип ачса болот?
Аманатты банктын бөлүмүнө барбастан, онлайн ачууга болот. Бул үчүн MBANK мобилдик колдонмосунда бир нече жөнөкөй кадамды аткаруу жетиштүү:
- MBANK колдонмосун ачыңыз.
- Колдонмонун башкы экранынан «Аманаттар» бөлүмүнө кириңиз.
- «Мөөнөттүү» бөлүмүн тандап, шарттары менен таанышыңыз.
- Валютаны, аманаттын суммасын жана мөөнөтүн жазыңыз.
- «Аманат ачуу» баскычын басыңыз.
Топтогон акчаңызды пландаштырууда үстөк ченин гана эмес, каражатыңызды кайсы мөөнөткө жайгаштырууга даяр экениңизди да эске алуу маанилүү. MBANKта жылдык 14,10% үстөк чени менен 18 айлык мөөнөттүү аманатты банктын бөлүмүнө барбастан, түз эле мобилдик колдонмодон ачсаңыз болот.
MBANK — Биринчи санарип!
КРУБ №014 лицензиясы