MBANK кошумча коопсуздук чараларын ишке киргизди
Алдамчылык фактыларынын көбөйүшүнө байланыштуу ААК«Коммерциялык банк Кыргызстан»| MBANK эсептер үчүн кошумча коопсуздук чараларын ишке ашырды. Жаңы эки кадамдуу коопсуздук системасы эсепке уруксатсыз кирүүнү алдын алууга жана кардарлардын маалыматтарын коопсуз сактоого жардам берет.
Бул кантип иштейт?
5 мүнөткө бөгөтөө. Түзмөктү өзгөрткөндөн кийин, аппараттагы эсеп убактылуу бөгөттөлөт. Бул бөгөттөө 5 мүнөттөн кийин автоматтык түрдө ачылып, керексиз операциялардын алдын алмакчы.
60 мүнөт чектөө. Бөгөттөөдөн чыгарылгандан кийин транзакцияларга жана кредит алууга убактылуу чектөө киргизилет. Бул чектөө бир саат бою күчүндө болот жана коргоонун кошумча чарасы катары кызмат кылат.
"Жаңы коопсуздук чарасын киргизүү алдамчылык фактыларынын көбөйүшүнө байланыштуу. Эки этаптуу коргоо системасы эсептерге уруксатсыз кирүүнү алдын алууга жана кардарлардын маалыматтарын коопсуз сактоого багытталган.
Бул чаралар маалымат коопсуздугунун эң мыкты тажрыйбаларына шайкеш келет жана эсептерге кирүү үчүн зыяндуу аракеттер менен байланышкан тобокелдиктерди минималдаштырууга жардам берет. MBANK максималдуу коргоону жана бардык операциялардын ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга умтулат», — деп банктан билдиришти.
Бул чаралар эсебиңиздеги каражаттарды жана жеке маалыматтарды ишенимдүү коргоого жана алдамчылык аракеттердин алдын алууга жардам берет. MBANK өз кардарларына жогорку деңгээлдеги коопсуздукту камсыз кылууну улантууда.
MBANK – Биринчи санарип!
КР УБ №014 Лицензиясы