Башкы бет
Жеке жактар
Жаңылыктар
MBANK SWIFT-которуулар боюнча минималдуу комиссияны 35 АКШ долларына чейин төмөндөттү
MBANK SWIFT-которуулар боюнча минималдуу комиссияны 35 АКШ долларына чейин төмөндөттү

MBANK SWIFT-которуулар боюнча минималдуу комиссияны 35 АКШ долларына чейин төмөндөттү
2026-жылдын 1-июлунан 30-сентябрына чейин MBANK кардарлары АКШ доллары жана кытай юаны менен эл аралык SWIFT-которууларды төмөндөтүлгөн минималдуу комиссия менен жөнөтө алышат.
Эмнеси пайдалуу?
АКШ доллары менен жүргүзүлгөн SWIFT-которуулары үчүн минималдуу комиссия 100 USDден 35 USDге чейин, ал эми кытай юаны менен жүргүзүлгөн которуулар үчүн 150 CNYден 50 CNYге чейин төмөндөтүлдү.
Акциялык тарифтер:
USD:
- сумманын 0,2%ы;
- минималдуу комиссия — 35 USD;
- максималдуу комиссия — 300 USD.
CNY:
- сумманын 0,2%ы;
- минималдуу комиссия — 50 CNY;
- максималдуу комиссия — 1 000 CNY.
Бул акция чет өлкөгө үзгүлтүксүз акча которгондор үчүн ыңгайлуу: окуу же дарылануу үчүн төлөм жүргүзгөндөргө, жакындарына жардам көрсөткөндөргө, ошондой эле чет өлкөлүк өнөктөштөр менен эсептешкен ишкерлерге. Пайдалуу шарттар бардык кардарлар үчүн жеткиликтүү — жеке жактарга, жеке ишкерлерге жана юридикалык жактарга.
SWIFT-которууну кантип жөнөтүүгө болот?
Которууну MBANK мобилдик колдонмосу аркылуу же банктын каалаган бөлүмүндө тариздей аласыз.
Жеке жактар үчүн:
MBANK колдонмосунда «Төлөмдөр» → «SWIFT-которуулар» бөлүмүнө кирип, которуунун маалыматтарын жазыңыз.
Юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн:
MBusiness колдонмосунда «Төлөмдөр» → «Валюталык операциялар» → «SWIFT-которуу» бөлүмүнө кирип, керектүү маалыматтарды толтуруңуз.
Эл аралык SWIFT-которууларды акциялык пайдалуу тарифтер менен бүгүн эле жөнөтүңүз!
MBANK — биринчи санарип. Кыргызстанда жасалган!
КР Улуттук банкынын №014 лицензиясы.