Башкы бет
Жеке жактар
Жаңылыктар
MBANK кредиттер боюнча төлөм мөөнөтүн туумсуз 10-августка чейин узартты
MBANK кредиттер боюнча төлөм мөөнөтүн туумсуз 10-августка чейин узартты

Эгер пландалган төлөм күнүңүз 1–7-августка туура келсе, төлөмдү эсептен алуу мөөнөтү 10-август саат 16:00гө чейин узартылды.
Бул MBANK, MIslamic, M+ жана MBusiness аркылуу берилген кредиттерге, каржылоолорго жана бөлүп төлөөлөргө тиешелүү. Автоматтык эсептен алуу башталды.
Эмне кылуу керек:
- Картаңызды керектүү суммага толуктап, каражатты баланста кармаңыз. 10-августта колдонмодон төлөмдүн абалын текшериңиз.
- Эгер төлөм автоматтык түрдө алынбаса, саат 16:00гө чейин «Төлөө» баскычын басып, төлөмдү өз алдыңызча жүргүзүңүз.
Эгер төлөм үчүн керектүү сумма картаңызда болсо, айып пул жана туум эсептелбейт, ошондой эле бул кредиттик тарыхыңызга таасирин тийгизбейт.
Расмий маалымат булактарына гана ишениңиз! Интернетте толук эмес же туура эмес маалыматтар тарашы мүмкүн. Маалымат алуу үчүн MBANKтын расмий сайтын жана банктын социалдык тармактардагы расмий баракчаларын гана колдонууну өтүнөбүз.
Ишенимиңиз үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз!