MBANK пенсиялык Элкарт картасы үчүн 10% чейин кешбэк акциясын узартат

3 Жалган куран 2026

MBANK пенсиялык Элкарт картасынын ээлери үчүн акциянын мөөнөтү узартылганын кабарлайт. Кардарлар социалдык маанилүү категорияларда жогорулатылган кешбэк жана картадагы калган каражатка кошумча киреше алууну уланта беришет.

Акциянын негизги артыкчылыктары

«Саламаттык» категориясында 10% кешбэк
Аптекаларда, оорукана, лаборатория жана тез жардам кызматтарында төлөөдө жеткиликтүү.

- Башка бардык сатып алууларга 5% кешбэк
Кешбэк карта аркылуу жүргүзүлгөн бардык акча которууларына каралат.

- Айына 1000 сомго чейин кешбэк
Максималдуу кайтаруу айына 1000 сомго чейин.

- Картадагы калган каражатка жылына 2%
Кошумча киреше картадагы калган суммага (айына 1000 сомго чейин) эсептелет.

- Акысыз чыгаруу жана тейлөө
Карта акысыз чыгарылып, тейленет.

* Кешбэк кийинки отчеттук айдын башында эсепке чегерилет.
* Соода объекттеринин категорияларынын (MCC-код) тууралыгы банк-эквайер тарабынан аныкталат.

Акциянын мөөнөтү

Акция 30-июнь 2026-жылга чейин узартылды.
Элкарт пенсиялык картаны MBANKтын бардык филиалдарынан алуу мүмкүн.

Акциянын узартылышы пенсионерлерге күнүмдүк чыгымдар үчүн, айрыкча «Саламаттык» категориясында, кошумча финансылык колдоону улантууга мүмкүнчүлүк берет.

 

MBANK - биринчи санарип!

КРУБ №014 лицензиясы