Башкы бет
Жеке жактар
Жаңылыктар
MBANKтын Mastercard World Elite картасы эми NFC-стикер менен жеткиликтүү
MBANKтын Mastercard World Elite картасы эми NFC-стикер менен жеткиликтүү

MBANK премиалдык өнүмдөр линиясын өнүктүрүүнү улантып, эми NFC-стикер менен ыңгайлуу контактсыз төлөм үчүн жаңыланган Mastercard World Elite картасын сунуштайт.
Жаңы формат сатып алууларды бир тийүү менен төлөөгө мүмкүнчүлүк берет — тез, коопсуз жана карта же смартфонду чыгарбастан эле. NFC-стикерди телефонго, чехолго же каалаган ыңгайлуу аксессуарга жайгаштырууга болот, ошондо төлөм ар дайым колуңузда.
Mastercard World Elite MBANK картасы заманбап төлөм технологияларын, премиум кызматты жана саякат менен күнүмдүк жашоо үчүн артыкчылыктарды бириктирет.
Картанын артыкчылыктары:
— «Манас» аэропортунун бизнес-залына чексиз кирүү
— LoungeKey аркылуу дүйнө жүзү боюнча 1100+ бизнес-залдарга кирүү
— Аэропорттордо чексиз Fast Track
— Кыргызстанда акысыз накталай акча алуу жана чет өлкөдө 1000 АКШ долларына чейин комиссиясыз алуу
— 500 000 АКШ долларына чейин үй-бүлөлүк камсыздандыруу
— Mastercard Restaurant Offers программасы аркылуу 1000ден ашык ресторандардагы атайын сунуштар
— зер буюмдарды сатып алууга 7% кешбэк
— башка категорияларга 3% кешбэк
— Flexiroam eSIM аркылуу дүйнө жүзү боюнча 3 ГБ мобилдик интернет
— MBonus лоялдуулук программасында «Платина» деңгээли
Mastercard World Elite картасын MBANK мобилдик колдонмосу аркылуу онлайн тариздөөгө болот.
MBANK — биринчи санарип!