MBANK'тагы КАСКО: автоунааңыз үчүн ишенимдүү коргоо — бир баскычта

Ар бир сапар, ал тургай үйдүн жанындагы кадимки унаа токтотуучу жай да ар бир айдоочу үчүн белгилүү бир тобокелдикти жаратат. Күтүлбөгөн кагылышуу, дарактын бутагынын кулашы, мөндүр же бейтааныш адамдардын атайылап зыян келтирүүсү оңдоо иштерине чоң чыгым алып келиши мүмкүн. MBANK'тагы КАСКО автоунааңыздын коопсуздугун алдын ала камсыздап, күтүлбөгөн жагдайларда жеке бюджетиңизди коргоого жардам берет.
КАСКО эмнелерди камтыйт?
Полис дал сиздин автоунааңызды коргойт жана эң көп кездешкен төмөнкү учурларда чыгымдардын ордун жабат:
- Жол кырсыгынан улам келтирилген зыян;
- Уурдоо, атайылап бузуу жана вандализм;
- Ар кандай буюмдардын автоунаанын үстүнө кулашы;
- Табигый кырсыктар (мөндүр, сел, бороон жана башка жаратылыш кубулуштары).
MBANK кардарлары үчүн жеткиликтүү тарифтер
Полистин баасы туруктуу жана автоунаанын маркасына, чыгарылган жылына же башка өзгөчөлүктөрүнө көз каранды эмес.
🔹 КАСКО Light* — 8 999 сом/жыл
Камсыздандыруу суммасы — 150 000 сомго чейин.
Эскертүү: бул тариф автоунаа кыймылда болгон учурда келтирилген зыянды гана камтыйт.
🔹 КАСКО Эконом — 9 000 сом/жыл
Камсыздандыруу суммасы — 150 000 сомго чейин.
🔹 КАСКО Эконом+ — 14 000 сом/жыл
Камсыздандыруу суммасы — 250 000 сомго чейин.
«Эконом» жана «Эконом+» тарифтери үчүн М+ кызматы аркылуу 3 айга бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү бар.
Полисти кантип тариздөөгө болот?
КАСКОну толугу менен онлайн, болгону бир нече кадам менен тариздей аласыз:
- MBANK колдонмосун ачыңыз.
- «Кызматтар» бөлүмүнө кирип, «Камсыздандыруу» бөлүмүн тандаңыз.
- «КАСКО» кызматын ачыңыз.
- «Камсыздандырууну тариздөө» баскычын басыңыз.
- КАСКОнун түрүн (Light, Эконом же Эконом+) тандап, шарттары менен таанышыңыз.
- «Баасын эсептөө» баскычын басып, автоунааны тандаңыз жана керектүү маалыматтарды толтуруңуз.
- Полистин акысын төлөңүз.
Даяр! Камсыздандыруу коргоосу дароо күчүнө кирет.
MBANK — биринчи санарип!
КР УБнын №014 лицензиясы