Сиз үчүн эксклюзивдүү мүмкүнчүлүктөрдү сунган премиум класстагы картаны сунуштайбыз

6 Бештин айы 2023

Биз, жаңы премиум кызмат көрсөткөн банк картасын ишке киргиздик. MBANK Premium картасы карта ээлерине кызматтардын кеңири спектрин сунуштайт жана бардык артыкчылыктар дүйнөсүн ачат!


MBANK Premium картасынын негизги артыкчылыктары эмнеде?

  • Премиалдуу тейлөө;
  • Накталай эмес сатып алуулар үчүн  2% кешбэк;
  • Лоялдуулук программасынын алкагында «Күмүш» деңгээлге чыгуу жана бардык өнөктөш дүкөн жана мекемелерден максималдуу кешбэк алуу;
  • Жыл сайын Lounge Keyди 2 жолу акысыз колдонуу;
  • Авиакамсыздоо;
  • Жылына 2 жолу аэропортто багажыңызды акысыз таңгактоо;
  • Консьерж кызматы;
  • MBANK TV’ге акысыз катталуу;
  • 1 жумуш күн ичинде картаны чыгаруу жана жеткирип берүү кызматын колдонуу.

MBANK Premium картасын онлайн буюртма берүүгө болот. Ал үчүн төмөнкү кадамдарды аткаруу керек:

  • MBANK’ты ачып, «Карта ачуу/ буюртма берүү» бөлүгүн басыңыз;
  •  MBANK Premium баскычын басыңыз жана карта буюртма бергиңиз келген валютаны тандаңыз;
  • Эрежелер менен таанышып, «Сатып алуу» баскычын басыңыз»;
  • Жеткирүү кызматын колдонуу үчүн бардык маалыматтарды толтуруңуз жана ырастаңыз;
  • SMS аркылуу ырастоо кодун киргизиңиз;
  • Картанын жылдык төлөмүн жүргүзүңүз.

Бардык маалыматтарды текшерген соң, «‎Ырастоо жана төлөө» бөлүгүн басуу керек. Даяр! Сиздин картаңыз 1 жумуш күн ичинде жеткирилип берилет.

Жылдык тейлөөнүн баасы 6000 сомду түзөт жана ал картаны буюртма берүүдө алдын ала төлөнүшү керек.

MBANK Premium картасы менен артыкчылыктар дүйнөсүн ачыңыз!

MBANK – Биринчи санарип!