ky
image
Жеке жактарга
Бизнеске
MIslamic
image
ky

Башка банктан алынган кредитти MBusiness'ке жылдык 16% менен кантип онлайн которсо болот?

22 Тогуздун айы 2026

Эми ишкерлер башка банктан алган учурдагы бизнес-кредитин жылдык 16% үстөк чен менен которуп, төлөмдөрүн азайта алышат. Бардык жол-жобо MBusiness колдонмосунда онлайн жүргүзүлөт.

Көптөгөн ишкерлер кредиттерин жогорку үстөк чен менен төлөп келишет. Натыйжада кирешесинин олуттуу бөлүгү кредитти төлөөгө жумшалып, ай сайынкы төлөмдүн жогору болушу бизнести өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн чектейт.

MBusiness'теги онлайн кайра каржылоо бул жүктү азайтууга жардам берет. Кредитти жылдык 16% үстөк чен менен которуу аркылуу ай сайынкы төлөмдү жана жалпы ашыкча төлөмдүн суммасын азайта аласыз.

Төлөмдөн үнөмдөлгөн каражат бизнесиңизде калат. Аны товар сатып алууга, жүгүртүү каражатын толуктоого жана компанияны өнүктүрүүгө жумшасаңыз болот.

Мындан тышкары, кайра каржылоодон кийин кредит MBANK аркылуу тейленет жана бардык операцияларды бир эле MBusiness колдонмосунан жүргүзүүгө болот.

Мурда жаңы кредит алуу көп убакытты талап кылып, банкка барууга туура келчү. Азыр арызды түз эле MBusiness колдонмосунан берип, 7 секундда чечим ала аласыз.

Кайра каржылоону кантип тариздөө керек?

  • MBusiness колдонмосун ачыңыз.
  • «Кредиттер» бөлүмүнө өтүңүз.
  • Арызды онлайн тапшырыңыз.
  • 7 секундда чечим алыңыз.
  • Башка банктардагы кредиттериңизди которуп, төлөмдөрдү пайдалуураак шарттарда улантыңыз.

Башка банктардан алынган бизнес-кредиттерди жана агрокредиттерди кайра каржылоого болот:

  • 200 миң сомго чейин: жеке ишкерлер үчүн MBusiness колдонмосу аркылуу толугу менен онлайн таризделет.
  • 200 миңден 500 миң сомго чейин: жеке ишкерлер үчүн чечим онлайн кабыл алынат, ал эми кредитти тариздөө банктын кеңсесинде жүргүзүлөт.
  • Юридикалык жактар үчүн: арыз онлайн берилет, ал эми чечим банктын бөлүмүндө кабыл алынат.

Төлөмүңүздү азайтып, бизнесиңизди өнүктүрүүгө көбүрөөк каражат жумшаңыз. Анткени кредиттерди MBANK аркылуу төлөө пайдалуу!

MBANK — биринчи санариптик банк. Кыргызстанда жасалган!

КР Улуттук банкынын №014 лицензиясы.