Visa жана Mastercard карталары боюнча финансылык дооматтарды (chargeback) кароо тарифтеринин өзгөрүшү

26 Жалган куран 2026

Урматтуу кардарлар!

2026-жылдын 8-апрелинен тартып MBANKта интернет тармагында жүргүзүлгөн операциялар, ошондой эле башка банктардын түзмөктөрү аркылуу жасалган операциялар боюнча финансылык дооматтарды кароо тарифтерине өзгөртүүлөр киргизиле турганын маалымдайбыз (эл аралык төлөм системалары аркылуу операцияларды талашуу — chargeback).

Негизги өзгөрүүлөр:

1. Диспутту (chargeback) кароо үчүн комиссиянын өзгөрүшү:

  • Кыргыз Республикасынын резиденттери үчүн — 500 (беш жүз) сом же карта валютасындагы эквиваленти (Банктын эсептен чыгаруу күнүндөгү курсу боюнча);
  • Резидент эмес кардарлар үчүн — 8 (сегиз) АКШ доллары / 8 (сегиз) евро же эсеп валютасындагы эквиваленти (эсептен чыгаруу күнүндөгү курс боюнча).

2. Бирдиктүү тарифти киргизүү:
Комиссия Visa жана Mastercard карталарынын бардык түрлөрүнө жана категорияларына, алардын деңгээлине же премиум статусуна карабастан колдонулат.

3. Эл аралык төлөм системаларынын кошумча комиссиялары (Visa жана Mastercard):
Финансылык дооматтарды кароо процессине байланыштуу (анын ичинде арбитраж, комплаенс жана башка этаптар) эл аралык төлөм системалары тарабынан белгиленген комиссиялар процедура башталган күндөгү колдонуудагы тарифтерге ылайык чыныгы өлчөмүндө кармалат.

Суранабыз, банк карталарын колдонууда бул өзгөрүүлөрдү эске алыңыздар.

Өзгөртүлгөн тарифтер 2026-жылдын 8-апрелинен тартып күчүнө кирет.