Шариат талаптарына ылайык инвестициялар эми онлайн форматта жеткиликтүү: MIslamic мобилдик банкингинде «Мудараба» аманатын түз эле ачыңыз

Акча каражаттарын кандайдыр бир багытка салууда ар бир мусулман үчүн аны көбөйтүү гана эмес, ар бир сом туура жана адал жол менен иштеп жатканына ишенимдүү болуу да маанилүү. Бүгүн бул жол дагы да жеңилдеди: «Мудараба» аманаты эми онлайн форматта түз эле MIslamic мобилдик банкингинде жеткиликтүү.
Онлайн «Мудараба» аманаты — бул Кыргызстанда ислам каржылоосун өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам. Ал заманбап технологияларды жана Шариат принциптерин айкалыштырат.
Мудараба деген эмне?
Мудараба — бул ислам принциптерине негизделген инвестиция формасы, анда кардар менен банк өнөктөш катары иш алып барат. Кардар капиталды камсыздайт, ал эми банк аны Шариатка ылайык, реалдуу жана уруксат берилген долбоорлорго инвестициялайт. Алынган киреше тараптар ортосунда адилеттүү бөлүштүрүлөт.
«Мудараба» каражаттары төмөнкү долбоорлорду каржылоого багытталат:
-
Мурабаха — товарларды бөлүп төлөө менен сатуу;
-
Иджара — ижара (аренда);
-
Истиснаа — буюртма боюнча өндүрүү.
Бардык багыттар шариаттык көзөмөлдөн өтөт.
MIslamic тиркемесинде «Мудараба» аманатын онлайн кантип ачууга болот?
Депозит ачуу процесси өтө жөнөкөй жана болгону бир нече мүнөттү алат:
-
MBANK тиркемесин ачыңыз;
-
Башкы беттен «MIslamicке өтүү» баскычын тандаңыз;
-
MIslamic башкы бетинен «Мудараба» бөлүмүн тандаңыз;
-
Сизге ылайыктуу банктын продуктун тандаңыз:
-
Мөөнөттүү депозит — 3 айдан 36 айга чейин, жылдык күтүлгөн кирешелүүлүк 15,50% чейин;
-
Жыйнак депозит — 12 айга, жылдык күтүлгөн кирешелүүлүк 14,55% чейин.
-
-
Зарыл болгон маалыматтарды толтуруңуз: филиал, валюта, салым суммасы, эсептен чыгаруу эсеби жана депозиттин мөөнөтү;
-
Офертанын жана тарифтердин шарттарын ырастап,
-
«Аманат ачуу» баскычын басыңыз.
Эми баары колуңуздун алдында — банк бөлүмүнө баруунун кереги жок.
Ниет жана ишеним менен каржы
MIslamicтеги «Мудараба» — бул ишеним менен заманбап чечимдердин айкалышы. Сиздин каражаттар банктын ислам терезесинин реалдуу долбоорлорунда иштеп, коомдун өнүгүшүнө салым кошот жана адилеттүү түрдө бөлүштүрүлгөн киреше алып келет.
MIslamic — биринчи исламдык санарип банк!
КРУБ №014/1 лицензиясы