Инвест Кубогу: MInvest'тин инвесторлор үчүн алгачкы турнири

MInvest — MBANK экосистемасындагы Кыргызстандын биринчи санариптик брокери — «Инвест Кубок» аттуу турнирди баштайт. Бул турнирде биринчи жолу катышуучулар капчыгынын көлөмү менен эмес, инвестициялык чеберчилиги менен күч сынашат. Жеңүүчү эң көп каражат салган адам эмес, портфелинин эң жогорку кирешелүүлүгүн көрсөткөн катышуучу болот. Демек, байге үчүн ар бир адам ат салыша алат.
Эмне үчүн бул турнир баарына ылайыктуу?
Негизги идея жөнөкөй: рейтингдеги орундар абсолюттук кирешенин суммасы боюнча эмес, портфелдин пайыздык кирешелүүлүгүнө (P/L %) жараша аныкталат. Аз сумма менен инвестиция баштаган кардар дагы көп каражат салган катышуучулар менен бирдей шартта атаандашат. Баарын сиздин инвестициялык чечимдериңиз аныктайт.
Мөөнөттөрү
- Турнир 2026-жылдын 29-июнунда саат 19:30да башталып, 2026-жылдын 1-сентябрында саат 02:00дө аяктайт.
- Каттоо 2026-жылдын 24-августуна чейин ачык болот. Каттоо турнир аяктаарына бир жума калганда жабылат.
- Жыйынтык жана жеңүүчүлөр 2026-жылдын 1-сентябрында жарыяланат.
Байге
Жыйынтык боюнча эң жогорку кирешелүүлүктү көрсөткөн алгачкы 20 катышуучу бүтүмдөр үчүн төмөндөтүлгөн комиссиясы бар «Старт» тарифине 1 айлык мүмкүнчүлүккө ээ болушат.
Кантип катышууга болот?
minvest.kg сайтындагы форма аркылуу катталыңыз. Бул бир мүнөткө жетпеген убакытты алат.
Катталуу менен сиз жеке маалыматтарыңызды иштетүүгө жана турнирдин жыйынтыктарын жарыялоого макулдук бересиз. Жарыяланганда катышуучунун аты, фамилиясынын биринчи тамгасы жана телефон номеринин акыркы үч саны гана көрсөтүлөт.
Натыйжаңыз эсепке алынышы үчүн турнир учурунда төмөнкү шарттарды аткарышыңыз керек:
- кеминде 5 бүтүм жүргүзүү;
- жок дегенде 3 ар башка тикер боюнча соода кылуу;
- акциялар менен гана соода жүргүзүү (криптовалюта боюнча операциялар эсепке алынбайт).
Кирешелүүлүк кандай эсептелет?
Катышуучунун жыйынтыгы баалуу кагаздар боюнча жабылган бүтүмдөрдүн кирешелүүлүгүнө (P/L %) жараша аныкталат.
Эсептөөдө турнир өтүп жаткан мезгилде — 2026-жылдын 29-июнунда саат 19:30дан 2026-жылдын 1-сентябрында саат 02:00гө чейин (GMT+6) ачылып жана жабылган позициялар боюнча гана ишке ашырылган финансылык жыйынтык эске алынат.
Турнир башталганга чейин ачылган позициялар турнир учурунда толугу менен же жарым-жартылай жабылган күндө да, эсептөөгө киргизилбейт.
Ачык позициялар боюнча ишке ашырыла элек финансылык жыйынтык эсепке алынбайт. Эгер позиция турнир учурунда ачылып, бирок анын аягына чейин жабылбаса, ал боюнча жыйынтык эсептөөгө кошулбайт.
Позиция жарым-жартылай жабылган учурда анын жабылган бөлүгү боюнча ишке ашырылган финансылык жыйынтык гана эсептелет.
Баалуу кагаздарды эсептен чыгарууда LIFO ыкмасы колдонулат.
Эсептөөдө эмнелерди билүү маанилүү?
- комиссиялар, ошондой эле турнир учурунда эсепти толуктоо жана каражат чыгаруу эсепке алынбайт;
- дивиденддер эсепке алынбайт;
- акциялар сток-сплитке дуушар болгон учурда алардын көрсөткүчтөрү сплит коэффициентине ылайык кайра эсептелет;
- корпоративдик окуялардын натыйжасында OTC рыногуна өткөн баалуу кагаздар эсептөөгө киргизилбейт;
- корпоративдик окуялардын натыйжасында тикер өзгөргөн учурда бул өзгөрүү эсепке алынат;
- биригүү же сатып алуу (M&A) натыйжасында алынган баалуу кагаздар эсептөөгө кошулбайт.
Рейтингди кайдан көрүүгө болот?
Лидерлер таблицасы ар дүйшөмбү күнү, жумасына бир жолу жаңыртылып, төмөнкү платформаларда жарыяланат:
- «Инвесторлор клубу» Telegram-каналында;
- мобилдик тиркеменин Stories бөлүмүндө;
- minvest.kg сайтында.
Жарыяланган учурдагы P/L % көрсөткүчү боюнча алдыңкы 20 катышуучу көрсөтүлөт.
Бул жайда дал сиздин портфелиңиз эң мыкты болушу мүмкүн.
Катталып, соода жүргүзүп, рейтингде алдыңкы орундарды ээлеңиз!
Каттоо формасы жана турнирдин толук эрежелери — minvest.kg сайтында.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан 2024-жылдын 29-январында берилген баалуу кагаздар рыногунда брокердик ишти жүргүзүүгө №23 лицензия.