«Биз үчүн ар бир кардар маанилүү»: MBANK Эл аралык кардарлар күнүндө өз ишин ичинен көрсөттү.

19-март — Эл аралык кардарлар күнүндө MBANK өзгөчө иш-чара өткөрдү. Кыргызстандагы банктардын арасында биринчи жолу биз эң маанилүү жана ошол эле учурда жабык болгон бөлүмдөрдүн бири — биздин Байланыш-борбордун ишин көрсөттүк. Биз белгилүү журналисттерди жана блогерлерди чакырдык, алар да MBANKтын бүгүнкү күндөгү активдүү кардарлары. Биз үчүн алардын күн сайын колдонуп жаткан системанын кандай иштээрин көрсөтүү маанилүү болду.
Ар бир сүйлөшүүдөгү камкордук.
Байланыш-борбор кызматкерлеринин иши жөн гана суроолорго жооп берүү эмес. Бул — кардарды кунт коюп угуп, түшүнүү. Күн сайын болжол менен 30 000 кайрылуу каралса да, кызматкерлер ар бир кардарга жылуу жана көңүл буруу менен мамиле жасоого аракет кылышат. Кардар тажрыйбасы департаментинин директору Максим Калиниченко коноктор үчүн экскурсия өткөрүп, банк үчүн ар бир чалуу жөн гана сан эмес, бул өз каржысын ишенип тапшырган чыныгы адам экенин белгиледи.
Коноктордун көңүлүн бурган кичинекей деталь, бул операторлордун жумуш ордундагы кичинекей күзгүлөр болду. Бул кооздук үчүн эмес. Анын жардамы менен кызматкерлер өз жүзүн көзөмөлдөп, жылмайып сүйлөшүүгө аракет кылышат, анткени кардар телефон аркылуу да мамилени сезе алат.
Маалымат коопсуздугу: өзгөчө көзөмөл аймагы
MBANK үчүн кардардын ишеними — негиз. Ошондуктан байланыш-борбор жогорку коопсуздук аймагы болуп саналат. Коноктор банкка кирер алдында кызматкерлер сыяктуу эле эрежелерге баш ийип, текшерүүдөн өтүштү:
- Мобилдик түзмөктөрдү тапшыруу. Сүрөткө тартуучу каражаттарга тыюу салынат.
- Маалыматтык гигиена режими. Компьютерлерде тышкы сайттар жана мессенджерлер бөгөттөлгөн.
- Катуу көзөмөл. Ар бир кардар профилинин ачылышы системада катталат. Негизсиз кирүү болсо, дароо кызматтык иликтөө башталат.
Жасалма интеллект — адам үчүн
Заманбап тейлөө технологиясыз мүмкүн эмес. Бүгүнкү күндө суроолордун жарымынан көбүн жасалма интеллект иштеп чыгат. Бул операторлорго татаал жана адамдык мамиле талап кылган маселелерге көбүрөөк убакыт бөлүүгө шарт түзөт.
Биз ачык баалоо системасын киргиздик:
- CSI (канааттануу индекси) — ар бир сүйлөшүүдөн кийин баа берип, пикир калтыра аласыз.
- Ар бир арызды талдоо — айына миллиондогон операциялардын ичинен болжол менен 30 арыз түшөт, алардын ар бири кылдат каралат.
- Анти-фрод линиясы — алдамчылык тууралуу билдирүү үчүн өзүнчө линия бар, анда адистер эсептерди дароо бөгөттөй алат.
Жөн гана банк эмес
Бул иш-чара кадимки саламдашуунун артында 500 адистен турган чоң команда турганын көрсөттү. Алар үчүн тартип жана боорукерлик — күнүмдүк көрүнүш.
Коноктор банк кардары катары ар бир операциянын жана суроонун артында чыныгы адамдар жана күчтүү технологиялар турганына ынанды. Биз кызматкерлерди текст жаттатууга эмес, чын жүрөктөн жардам берүүгө үйрөтөбүз. Анткени биздин экосистеманын борборунда дайыма Адам турат.
19-мартта биз дагы бир жолу ачыктык жана чынчылдык — узак мөөнөттүү ишенимдин негизги фактору экенин далилдедик.
MBANK — Кыргызстандагы биринчи санариптик банк.