Ишкерлер үчүн акция: Mastercard карталары аркылуу төлөмдөрдү кабыл алыңыз жана MKassaдан 1 000 000 сом жана башка баалуу сыйлыктарды утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуңуз

15 Тогуздун айы 2024

MBANK жана Mastercard’дан Акция: Mastercard карталары менен төлөмдөрдү кабыл алыңыз жана баалуу сыйлыктарды утуп алыңыз

ААК "Коммерциялык Банк Кыргызстан" | MBANK жеке ишкерлер үчүн төлөмдөрдү кабыл алууну жөнөкөйлөштүрүү гана эмес, баалуу сыйлыктар менен акцияга катышуу мүмкүнчүлүгүн сунуштоо менен пайдалуу акцияны ишке киргизүүдө!

Ай сайын Mastercard карталарын колдонуу менен төлөмдөрдүн эң көп көлөмү менен беш ишкер байгеге ээ болушат. Ал эми баш байге: 1 000 000 сом бардык Акциянын мезгили ичинде эң жакшы жыйынтык көрсөткөн катышуучуга берилет.

«Биз ар дайым ишкерлерибизди колдоого умтулуп, аларга ыңгайлуу каржылык чечимдерди гана эмес, өнүгүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү да сунуштайбыз. MKassa аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн Mastercard карталарын колдонуу менен, ишкерлер тез жана коопсуз транзакцияларды гана эмес, ошондой эле алардын жүгүртүүсүн көбөйтүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү алышат. Акцияга катышуу менен сиз төлөмдөрдү кабыл алуу процессин жөнөкөйлөтүп гана тим болбостон, баалуу сыйлыктарды утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз”,-деп белгиледи MBANKтын санариптик сервистерди жана эквайринг тармагын өнүктүрүү боюнча директору Кубаныч Шатемиров.

Акцияга катышуу үчүн 2024-жылдын 15-октябрынан 2025-жылдын 17-январына чейин MKassa аркылуу Mastercard карталарын колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алуу жетиштүү. Жаңы кардарлар да жана мурдатан иштеп жаткан MKassa кардарлары катыша алышат.

Кандай байгелерге ээ боло аласыз?

Баш байге: 1 000 000 сом

  • Египетке эки кишилик туристтик сапар
  • iPhone 15 телефондору
  • Дайсон чаң соргучтары
  • MacBook Air ноутбуктары
  • Дайсон аба тазалагычтар

MBANK жана Mastercard карталары менен бизнесиңизди өркүндөтүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз жана жеңишке жетүу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуңуз. Жүгүртүү канчалык жогору болсо, сыйлык утуп алуу мүмкүнчүлүгүңүз ошончолук жогору болот!

Акция 2024-жылдын 15-октябрынан 2025-жылдын 17-январына чейин жарактуу

MBANK – Биринчи санарип!
КР УБ № 014  лицензиясы

Акциянын эрежелери