Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунда баштапкы дилер катары биздин Банк кардардын атынан жана анын эсебинен мамлекеттик баалуу кагаздарды (МКВ, Улуттук банктын ноталары) сатып алуу жана сатуу боюнча ортомчулук кызматтарды көрсөтөт, ошондой эле так жана ишенимдүү маалыматтарды камсыз кылат. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунда жүргүзүлүп жаткан соодалоо жөнүндө маалымат.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунда мамлекеттик баалуу кагаздардын эки түрү бар: Мамлекеттик казына векселдери жана Улуттук банктын ноталары.
Мамлекеттик казына векселдери (МКВ) – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан чыгарылган кыска мөөнөттүү, пайызсыз (дисконттук) мамлекеттик баалуу кагаздар.
- МКВлар мамлекеттик мүлк менен камсыз кылынат;
- МКВнын жүгүртүү мөөнөтү - 3,6 жана 12 ай;
- эгерде сизге шашылыш акча керек болсо, сатылып алынган МКВларды экинчилик рынокто мөөнөтү аяктаганга чейин сата аласыз;
- бир МКВнын номиналдык наркы - 100 сом.
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы гарант катары чыккандыктан, эң тобокелсиз жана жогорку ликвиддүү баалуу кагаздар болуп саналат;
- жүгүртүү мөөнөтү 7,14 жана 28 күн
- КР Улуттук банкынын номиналдык наркы - 10 000 (он миң) сом
Улуттук банктын ноталары - бул Улуттук банк тарабынан документтик эмес формада чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздар.
Баалуу кагаздардын наркы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өткөргөн аукциондор менен аныкталат. Акыркы жыйынтыктар бул жерде
- кардардын атынан жана эсебинен мамлекеттик казына векселдерин сатып алуу жана сатуу операциянын суммасынан 0,2% (минималдуу комиссиянын суммасы - 50 сом, максимум 2000 сом)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын сатып алуу дисконттук сумманын 10% (минималдуу комиссия 10 сом, максимум 100 сом)