ky
close icon
image
search icon
burger icon
close icon
Жеке жактарга
Бизнеске
MIslamic
MAcademy
image
ky
search icon

MBANK логотиби түшүрүлгөн чатыр үстүндөгү жарнак тактасын даярдоо жана орнотуу боюнча тендер

техникалар менен камсыз кылуу

Тапшыруу мөөнөтү:27 Беш оона 2025

Жарыяланган күнү:20 Беш оона 2025

Кыргыз Республикасынын аймагында катталган, менчик формасына карабастан бардык уюмдарга

ОАО «Мбанк» сатып алуулар жана тендер өткөрүү комиссиясы MBANK логотиби түшүрүлгөн чатыр үстүндөгү жарнак тактасын даярдоо жана орнотуу боюнча тендердик арыздарды тапшырууга ыйгарым укуктуу талапкерлерди чакырат.

Орнотуу жайы: MBANK кеңсесинин имаратынын чатыры

1. Тендердин предмети

MBANK логотиби түшүрүлгөн, көрсөтүлгөн өлчөмдөргө жана сапат талаптарына ылайык чатыр үстүндөгү жарнак тактасын даярдоо жана орнотуу.

2. Негизги талаптар

  • Саны: 2 даана

  • Ар бир тактанын өлчөмү:

    • Бийиктиги: 3216 мм (3.216 м)

    • Туурасы: 13400 мм (13.4 м)

  • Жарыктандыруу: Жогорку жарыктыгы бар бирдей жарык берген LED подсветка

  • Типи: Статикалык такта (видеоэкрансыз, жүгүртмө жазуусуз, динамикалык эффекттерсиз)

  • Аткаруунун сапаты:

    • Бардык элементтер так жана тыкан жасалууга тийиш.

    • Беттери жана түстөрү кемчиликсиз, сызыктарсыз жана тактарсыз болушу керек.

    • Логотиптеги градиент түнкүсүн да күндөгүдөй ачык жана каныккан көрүнүшү зарыл.

    • Подсветка бир калыпта, караңгы жерлерсиз жана жарыктын өзгөрүүсүз болушу керек.

  • Орнотуу: Имараттын чатырында бекем орнотулушу зарыл.

Дизайндын макети

3. Кепилдиктер

Тендерге катышуучу сунушунда көрсөтүшү керек:

  • Конструкцияга жана монтажга кепилдик мөөнөтү.

  • Жарык берүүчү элементтерге кепилдик мөөнөтү.

  • Кепилдик мөөнөтүндө акысыз оңдоо же алмаштыруу шарттары.

4. Конкурс сунушунун курамы

Тендерге катышуучу бериши керек:

  • Ар бир пункт боюнча деталдуу смета:

    • Бардык материалдардын аталышы.

    • Материалдардын толук техникалык мүнөздөмөлөрү.

    • Ар бир позициянын көлөмү жана баасы.

  • Бардык иштердин түрлөрүнүн тизмеси, алардын мүнөздөмөлөрү жана баасы менен.

  • Көрсөтүлгөн өлчөмдөрдү жана логотиптин градиентин эске алуу менен визуалдаштыруу.

  • Даярдоо жана монтаж мөөнөттөрү.

  • Кепилдик жана тейлөө шарттары.

  • Аткарылган окшош иштердин мисалдары.

Бардык документтер топтому 2025-жылдын 27-августунда, саат 14:00гө чейин төмөнкү электрондук почта дарегине жөнөтүлүшү керек: tender@mbank.kg.

Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин жөнөтүлгөн арыздар комиссия тарабынан каралбайт.

Тендердик арыздар комиссия тарабынан 2025-жылдын 27-августунда саат 16:00дө ачылат.