
MBANK'тан пенсиялык чечимдер
Пенсияңызды картага алып, каражаттарыңызды пайдалуу шарттарда сактап, каржыңызды бир колдонмодон башкарыңыз.
«Мурас» аманаты
Пенсиялык картанын ээлери үчүн жылдык 14,10%га чейин жогорулатылган киреше!

Элкарт пенсия картасы
Калдыкка 2% — картаны чыгаруу жана тейлөө акысыз

MBANK пенсия картасын кантип тариздөөгө болот?

MBANK мобилдик колдонмосун ачыңыз
Пенсия курагына жетүүгө 30 күн калганда MBANK пенсия картасын тариздөө мүмкүнчүлүгүн автоматтык түрдө текшерет. Эгер укугуңуз ырасталса, колдонмого киргенде сунушту көрөсүз.

Пенсия картасына буйрутма бериңиз
«Карталарга буйрутма берүү» бөлүмүнө кирип, «Пенсия картасы» пунктун тандаңыз. Акысыз жеткирүүгө буйрутма бериңиз — картаны алгандан кийин аны MBANK колдонмосунда активдештирүү гана калат.
Картаны алгандан кийин аны MBANK колдонмосунда активдештириңиз. Реквизиттерди MBANK Социалдык фондго автоматтык түрдө өткөрүп берет.
Көп берилүүчү суроолор
Пенсия алууга укугум бар-жогун кантип билсем болот?
Сизге MBANK колдонмосуна билдирүү келет жана картага буйрутма берүү терезесинен картаны буйрутма берүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. Бул биз сиздин маалыматыңызды текшерип, Соцфонд сиздин пенсия алууга укугуңузду ырастаганын билдирет.
Картаны кантип алсам болот?
Эгер сиз болочок пенсионер болсоңуз жана сизде MBANK колдонмосу болсо — картага буйрутма берүү мүмкүнчүлүгү жеткиликтүү болот. Башкы экрандагы «Карталарга буйрутма берүү» бөлүмүнө кириңиз. Эгер жеткиликтүү карталардын тизмесинде Пенсия картасы болсо — куттуктайбыз, пенсияңызды бир баскыч менен ала баштай аласыз.
Картаны кайдан алам?
Даяр картаны сизге ыңгайлуу каалаган дарекке акысыз жеткиребиз — картаны алуу үчүн паспортуңуз гана керек болот. Эң негизгиси — картаны алгандан кийин дароо колдонмодо активдештирүүнү унутпаңыз!
Эмне үчүн пенсияны MBANK аркылуу алуу пайдалуу?
Сизге кам көрүү менен эң пайдалуу шарттар:
Картаны чыгаруу, жылдык тейлөө жана жеткирүү акысыз;
MBANK'тын каалаган банкоматынан пенсияны комиссиясыз алуу;
«Мурас» мөөнөттүү аманатына 13,5%га чейинки жогорулатылган пайыздык чен менен өзгөчө шарттар;
Ден соолукка кам көрүү — эсептеги калдыкка жылдык 2% пайыз чегерилет жана дарыканаларда менен медициналык борборлордо төлөм жүргүзүүдө жогорулатылган кешбэк берилет.
Мен пенсияны башка банктан алам. Пенсиялык MBANK картасын кантип алсам болот?
Реквизиттерди алуу жана процессти аяктоо үчүн жакынкы MBANK бөлүмүнө кайрылыңыз.
Пенсияны MBANK картасына качан алам?
Пенсия Соцфонд тарабынан белгиленген төлөмдөрдүн графигине ылайык чегерилет.
Төлөмдөрдүн графигин тактоо үчүн:
Маалымат алуу үчүн ишеним телефондору:
0 (312) 57-66-61 (Коомдук кабылдама);
0 (312) 54-33-16;
0 (555) 64-04-16 (Мобилдик).
Аманатты ачуу шарттары кандай?
Колдонмодо: 55 жаштан жогорку кардарлар үчүн.
Банктын кеңселеринде: 55 жаштан жогорку кардарлар үчүн же пенсиялык күбөлүгү бар болсо.
Аманаттагы каражаттар кантип корголот?
Каражаттар Кыргыз Республикасынын Аманаттарды коргоо агенттиги тарабынан 1 млн сомго чейин камсыздандырылат.
Кешбэк чегерүү шарттары:
Кешбэктин максималдуу суммасы — айына 1 000 сомго чейин.
Төлөнө турган минималдуу сумма — 50 сом.
«Ден соолук» категориясына 10% кешбэк:
Дарыканалар жана дары-дармек сатуучулар
Ооруканалар, госпиталдар жана медициналык мекемелер
Стоматологиялык жана медициналык лабораториялар
Жеке дарылоо кызматы
Дарыгерлер жана медициналык кызматтар
Тез жардам кызматы