Получайте и отправляйте выгодные переводы SWIFT в дирхамах ОАЭ

28 Жалган куран 2023

Биз БАЭ (AED) wдирхамдары менен SWIFT-которууларынын башталганын жарыялоого кубанычтабыз!

Эми биздин кардарлар БАЭдеги жана башка мамлекеттердеги өнөктөштөр менен AED валютасында АКШ долларына же еврого конвертациялоонун чыгымы жок эсептешүүгө мүмкүнчүлүк алышты. «Коммерциялык Банк КЫРГЫЗСТАН» ААКнын банк-корреспонденттеринин кеңири тармагын эске алуу менен, AEDге которуулар мүмкүн болушунча тез арада ишке ашырылат.

SWIFT — бул ар кайсы өлкөлөрдүн банктарынын ортосунда акча которууга мүмкүнчүлүк берген эл аралык акча которуу системасы.

SWIFT кодунун болушу банктын ишенимдүүлүгүн жана жеке адамдар жана уюмдар үчүн чет өлкөгө которуулардын коопсуздугун көрсөтөт. Кардарларыбыз биздин Банктагы тейлөөдөн көбүрөөк пайда ала алышы үчүн, биз дайыма кызматтарыбызды кеңейтүүнүн үстүндө иштеп жатабыз.

MBANK — Биринчи санарип!