Маанилүү жаңылык: эми бардык колдоо - MBANK колдонмосундагы бирдиктүү Онлайн-чатта

Биз сиздин ыңгайлуулугуңуз үчүн кам көрөбүз, ошондуктан колдоо көрсөтүүнүн бардык каналдарын MBANK колдонмосундагы бирдиктүү Онлайн-чатка бириктирдик. Эми бул жерде жардамды тез, ыңгайлуу жана коопсуз ала аласыз.
Эмне үчүн онлайн-чат?
Ал түздөн-түз колдонмонун ичинде иштейт, реалдуу убакытта жооп берет жана банк кызматтарына байланыштуу бардык суроолорду ыкчам чечүүгө мүмкүндүк берет.
Сиз бизге төмөнкү учурларда кайрыла аласыз:
• Конок катары — авторизациясыз, жалпы суроолор үчүн;
• Кардар катары — колдонмого кирип, жеке жана так жардам алуу үчүн.
Онлайн-чатты кантип ачса болот:
1) MBANK колдонмосун ачыңыз;
2) Колдоо кызматы бөлүмүнө өтүңүз;
3)Онлайн-чатты тандаңыз.
Түз шилтеме:
https://app.mbank.kg/native/support/chat
❗️WhatsApp жана Telegram боюнча маалымат
08-декабрь 2025-жылдан тартып жеке жактар үчүн WhatsApp жана Telegram аркылуу колдоо көрсөтүү токтотулат.
Бардык кайрылуулар эми MBANK колдонмосундагы Онлайн-чат аркылуу кабыл алынат.
Биз сиз менен ар дайым байланыштабыз — тез жардам берүү үчүн, эми бирдиктүү ыңгайлуу жерде.
MBANKти тандаганыңыз үчүн рахмат!