Картаңыздан акча кайсы учурда жоголушу мүмкүн: кардарлар үчүн маанилүү маалымат

Кыргызстанда банк карталарынан түшүнүксүз акча кармалуулар көбөйдү. Көбүнчө алар көчүрмөдө Google же Telegram аркылуу өткөн төлөмдөр катары көрсөтүлөт, бирок колдонуучулар өздөрү эч нерсе кошкон эмес.
Адатта, мындай схема «тесттик» операциядан башталат, андан кийин санарип кызматтар үчүн - катталуу үчүн же тиркемелердин ичиндеги сатып алуулар үчүн - чыныгы акчалар алына баштайт.
Мындай учурлар картаңыздын маалыматтары мурда башка кызматтарда колдонулганда же коопсуздугу так эмес сайттарга же тиркемелерге киргизилгенден болушу мүмкүн. Натыйжада карта санарип кызматтарга колдонуучунун ачык макулдугусуз эле байланып калышы мүмкүн.
Эгер мындай операцияларды байкасаңыз:
- интернет-төлөмдөрдү өчүрүңүз
- картаны байланган кызматтардан алып салыңыз
- зарыл болсо, картаны бөгөттөп, жаңысын чыгарыңыз
Өзүңүздү коргоо үчүн карта маалыматтарын шектүү сайттарга киргизбеңиз жана эч кимге жашыруун маалыматты бербеңиз.
Кандайдыр бир шек жаралса, 3333 номери аркылуу байланыш борборуна же MBANK колдонмосундагы онлайн-чатка кайрылыңыз.
MBANK - сиздин коопсуздугуңуз үчүн.
КР УБ лицензиясы № 014