Ар бир сатып алууда үнөмдөңүз: MBANK белек кылган А+ менен 20%га чейин пайданы кантип алууга болот

Ар бир сатып алууда үнөмдөңүз: MBANK белек кылган А+ менен 20%га чейин пайданы кантип алууга болот
Эгер сизде А+ болсо, ар бир сатып алууңуз реалдуу пайда алып келет. Бул акылдуу соода кылууну жана «Азия» менен «Азбука» маркеттер тармагында дагы көбүрөөк үнөмдөөнү каалагандар үчүн мыкты мүмкүнчүлүк.
Эмне үчүн А+ абдан пайдалуу?
· Дароо үнөмдөө: кассада эле 15% арзандатуу аласыз, дагы 5% балл түрүндө кешбэк болуп кайтарылат.
· Топтолгон баллдар менен кийинки сатып алуулардын наркынын 99%га чейинки бөлүгүн төлөөгө болот.
· Оңой баштоо: жазылууну рефералдык код менен активдештиргенде дароо 50 саламдашуу баллын алыңыз!
А+ жазылуусун кантип белекке алууга болот?
MBANKта А+ жазылуусун MBonus лоялдуулук программасынын алкагында акысыз алууга болот. Бул үчүн макамыңызды «Алтын» же «Платина» деңгээлине чейин жогорулатуу керек*.
Макамды MBANK тиркемесинде жогорулатууга болот: «Менин бонустарым» бөлүмүнө кирип, жеткиликтүү тапшырмаларды аткарыңыз.
Жеткен деңгээлиңизге жараша сизге төмөнкүлөр жеткиликтүү болот:
«Алтын» — А+ жазылуусу 60 күнгө акысыз;
«Платина» — А+ жазылуусу 90 күнгө акысыз.
Жагымдуу бонус: эгер сиз «Алтын» деңгээлинен «Платинага» көтөрүлсөңүз, дагы 30 күн кошуп беребиз! Ал эми макамыңыз убактылуу кайра «Алтын» деңгээлине төмөндөсө, буга чейин берилген күндөр жокко чыгарылбайт.
Белегиңизди кантип активдештирүүгө болот?
«Алтын» же «Платина» макамына жеткенден кийин MBANKтын башкы барагын ачып, «Азия» сүрөтчөсүн басыңыз жана жазылууну активдештириңиз.
MBANKтагы «Менин бонустарым» бөлүмүнө кириңиз, тапшырмаларды аткарыңыз жана «Азия» менен «Азбука» маркеттериндеги сатып алууларыңыздан максималдуу пайда алыңыз!
* Туулган күнгө карата «Платина» макамы автоматтык түрдө берилген учурда акысыз жазылуу берилбейт. Белек программанын бардык стандарттуу шарттары аткарылганда гана жеткиликтүү.
MBANK — биринчи санариптик банк!
КР УБнын №014 лицензиясы