MBANK’тан МРассрочка: 200 000 сомго чейинки сатып алууларды 24 айга чейин бөлүп төлөө

MBANK’тан МРассрочка: 200 000 сомго чейинки сатып алууларды 24 айга чейин бөлүп төлөө
Кээде керектүү сатып алуу бюджетке караганда кымбатыраак болуп калат. Айрыкча жаңы смартфон, тиричилик техникасы же башка керектүү буюм жөнүндө сөз болгондо. Сатып алууну кийинкиге калтырбай, анын баасын MBANK’тын МРассрочкасы менен 24 айга чейин бөлүп төлөңүз.
M+ же МРассрочка: айырмасы эмнеде?
MBANK тиркемесинде рассрочканын эки түрү жеткиликтүү: M+ жана МРассрочка. Алар шарттары жана мүмкүнчүлүктөрү менен айырмаланат.
M+ менен сиз 12 айга чейин ашыкча төлөмсүз сатып алуулар үчүн акчалай лимит аласыз. Лимит жактырылгандан кийин аны M+ өнөктөштөрүнөн товарларды сатып алууга колдоно аласыз.
МРассрочка ири сатып алууну 24 айга чейин бөлүп төлөөгө мүмкүнчүлүк берет. Ар бир сатып алуу үчүн рассрочка алууга өзүнчө арыз берилет. МРассрочка боюнча ашыкча төлөм каралган, анын өлчөмү сатып алуунун суммасына жана тандалган мөөнөткө жараша болот.
Ошентип, МРассрочка ири сатып алуу жасап, аны узагыраак мөөнөткө бөлүп төлөө маанилүү болгон учурда ылайыктуу.
MBANK тиркемесинде МРассрочканы кантип тариздөө керек?
MBANK тиркемесин ачыңыз.
«Рассрочка» бөлүмүнө өтүңүз.
«МРассрочка» бөлүмүн ачыңыз.
Керектүү категорияны тандаңыз же издөө бөлүгүнө дүкөндүн атын жазыңыз.
Арызды ачып, товардын атын, сатып алуу суммасын жана рассрочканын мөөнөтүн көрсөтүңүз.
Жеке маалыматыңызды, кирешеңиздин өлчөмүн жана ишмердүүлүгүңүздүн түрүн көрсөтүңүз.
Арыздын жактырылышын күтүп, керектүү товарыңызды дароо сатып алыңыз.
Көптөн бери каалап жүргөн сатып алууңузду кийинкиге калтырбаңыз. Керектүү товарды тандап, МРассрочканы тариздеп, сатып алууңузду бөлүп төлөңүз.
MBANK — биринчи санарип!
Лицензия №014 КР УБ