Сак болуңуз: Фишинг! Шылуундар MBusiness’тин атынан акча уурдап жатат

28 Жетинин айы 2025

Көңүл буруңуз! Шылуундар MBusiness’тин кызматтарына окшош фишинг сайттарды ишке киргизип, Google Ads жарнамасы аркылуу колдонуучулардын логин, пароль, SMS-коддорун жана акчаларын уурдоого аракет кылышууда.

Алдамчылыктын иштөө схемасы

1. Фейк + Google жарнама. Чыныгы сайтка окшош жасалма баракча колдонулат:
smartmbusiness.com’дун ордуна mbusiness.buroc.icu

2. Жарнама колдонулат. Жарнамада туура аталыш көрсөтүлөт, бирок шилтеме фишинг сайтына алып барат.

3. Маалыматтарды уурдоо. Жасалма сайт логин, пароль жана SMS-коддорду сурап, аларды уурдап алат.

4. Натыйжа. Эсеп бузулат жана акча уурдалып кетет.

⚠️ Маанилүү! Шектүү баракчаларга эч кандай маалымат киргизбеңиз.

MBusiness’тен 4 коопсуздук эрежеси

Сактык — эң күчтүү коргонуу.

1. Сайттын дарегин дайыма текшериңиз

Жүктөлгөндөн кийин URL’ге көңүл буруңуз.
Расмий MBANK домени: https://mbank.kg
Алдамчылардын домендери:

  • mbusiness.buroc.icu
  • m-business-kabinet-login.fun

Даректеги майда өзгөрүү — бул алдамчылык.

2. Google жарнамасы аркылуу кирбеңиз. Жарнаманы басып жеке кабинетке кирүүгө аракет кылбаңыз. Даректи кол менен жазыңыз же ишенимдүү закладканы колдонуңуз.

3. “Арзан” домен зоналарынан сак болуңуз. .icu, .xyz, .site, .fun сыяктуу домендер ишенимсиз. Банк мындай домендерди колдонбойт.

4. Сайттын сапатына көңүл буруңуз. Фишинг сайттардын белгилери: жай жүктөлөт, дизайнда каталар көп, туура эмес шрифттер, мобилдик версиясы начар иштейт

Маалыматтарды эч качан бербеңиз!

Төмөнкүлөрдү үчүнчү жактарга бербеңиз:

  • SMS-коддор
  • Логин жана пароль
  • Түзмөктүн маалыматтары

MBANK кызматкерлери мындай маалыматтарды эч качан сурабайт!