Эми MBANK аркылуу Өзбекстандан Кыргызстанга онлайн-которууларды ишке ашыра аласыз!

MBANK Кыргызстан менен Өзбекстан арасында онлайн-которуулар кызматы ишке киргизди!
Акыркы жылдары Кыргызстан жана Өзбекстан өз экономикалык жана маданий байланышын активдүү бекемдеп жатышат. Товар жүгүртүүлөрү өсүп, биргелешкен долбоорлор көбөйүүдө, эң негизгиси — адамдар эки өлкөнүн ортосунда саякаттап, окуп жана иштеп жүрүшөт. Бул — тез, ишенимдүү жана жеткиликтүү акча которууларга муктаждыкты жаратууда.
Ошондуктан MBANK жана Universalbank биргеликте жаңы онлайн-кызматты ишке киргизишти. Ал колдонуучуларга Кыргызстан менен Өзбекстан арасында акчаны тез жана оңой жөнөтүүгө жана алууга мүмкүнчүлүк берет — телефон номуру же карта номуру аркылуу.
Которууну кантип жасоо керек:
Unired колдонмосунда, «Эл аралык которуулар» бөлүмүндө, MBANKка которууну телефон номуру же карта аркылуу жөнөтсө болот.
Которуу шарттары:
- Телефон номуру аркылуу: акча алуучунун негизги эсеп валютасында түшөт
- Карта номуру аркылуу: акча алуучунун карта валютасында түшөт
- Жөнөтүүчү эсептин валютасы: каалаган валюта
- Которууну алуу үчүн жеткиликтүү валюталар: KGS | EUR | RUB
- Которууну алуу комиссиясы: 0 сом
Жаңы өнөктөштүктүн этабы
MBANK жана Universalbank ортосундагы өз ара которуулар — Кыргызстан менен Өзбекстандын каржылык өз ара аракеттешүүсүн өнүктүрүүнүн маанилүү кадамы.
Азырынча колдонуучуларга Өзбекстандан Кыргызстанга которуулар жеткиликтүү,жакын арада Кыргызстандан Өзбекстанга которуулар да ишке кирет.
MBANK — Биринчи санарип!
КРУБ №14 лицензиясы