MBusiness’тен ишкер айымдар үчүн онлайн-кредит — жылына болгону 17%!

Биз ишкер айымдардын потенциалына ишенебиз жана өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүп жаткан ар бир аялды колдоо үчүн атайын программаны ишке киргиздик.
Биз кредит шарттарын жакшыртып, айымдардын бизнес-долбоорлорун толук ишке ашыруусуна мүмкүнчүлүк беребиз!
Ар бир айымды баалайбыз: “Business Women” акциясы боюнча чен – жылына 17%!
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин расмий маалыматтарына ылайык, өлкөдө ишкерлердин 40%дан ашыгы аялдар. Алардын көбү микробизнес жана чакан бизнес тармагында иш алып барышат.
MBusinessтин максаты — аялдардын бизнесин өнүктүрүүгө түрткү берүү!
Эми ишкер айымдар жылына болгону 17%дык төмөн чен менен каржылоо ала алышат.
Бардык кошумча чыгымдарды эске алуу менен, бул сунуш боюнча эффективдүү пайыздык чен (ЭПЧ) — 19,66%.
Бул “Business Women” программасын бизнес-идеяларды ишке ашыруу жана долбоорлорду кеңейтүү үчүн эң жеткиликтүү каржылык колдоого айлантат.
MBusiness аялдарды кеңселерге баруудан жана кезектерден бошоткон өнүм жаратты — эми сиз убактыңызды бизнесиңизге жана үй-бүлөңүзгө арнай аласыз.
Рутинаны колдонмо аткарат, сиз болсо чыныгы маанилүү иштерге көңүл бурасыз:
Ылдамдык: өтүнмө боюнча жооп болгону 7 секундда келет.
Жөнөкөйлүк: кредит күрөөсүз, кепилдик берүүчүсүз жана маалымкатсыз берилет.
Толук онлайн 24/7: өтүнмө онлайн кабыл алынып, каражат (200 000 сомго чейин) дароо эсебиңизге түшөт.
Ыңгайлуу башкаруу: төлөм графигин көзөмөлдөө жана төлөө — баары MBusiness колдонмосунда жеткиликтүү.
Максималдуу кредит суммасы — 500 000 сом.
Эгер каражат суммасы 200 001 сомдон жогору болсо, коопсуздук максатында айымдарды жакынкы MBANK бөлүмүнө чакырабыз.
Сиздин коопсуздугуңуз — биз үчүн артык: "Муздатуу мөөнөтү"
Айымдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана шектүү аракеттерден сактоо үчүн MBusiness “Муздатуу мөөнөтүн” киргизет.
Кредит ырасталгандан кийин акыркы чечимди кабыл алуу үчүн убакыт берилет:
- 50 000 – 100 000 сом — муздатуу мөөнөтү 4 саат
- 100 000 – 200 000 сом — муздатуу мөөнөтү 12 саат
Биз ишкерлер айымдардын амбициялуу долбоорлорун ишке ашыруу жана өлкө экономикасын өнүктүрүү үчүн ишенимдүү, тез жана пайдалуу каржылык курал сунуштайбыз.
MBANK — Биринчи санарип!
КРУБ №014 лицензиясы