«Байгелер марафону» акциясынын шарттарына өзгөртүүлөр киргизилгенин маалымдайбыз

17 Жетинин айы 2025

Урматтуу кардарлар!
MBANK’тагы «Байгелер марафону» акциясында жаңы тапшырмалар пайда болду — эми упай топтоого, билет чогултууга жана башкы байгеге жана миңдеген сыйлыктарга болгон мүмкүнчүлүгүңүздү жогорулатууга дагы көп шарттар бар.

Ошондой эле жеңүүчүлөрдү текшерүү мөөнөттөрүнүн жаңыртылганын маалымдайбыз.
Адилеттүүлүктү, ачык-айкындуулукту жана жыйынтыктардын тактыгын камсыз кылуу максатында, жеңүүчүлөрдү текшерүү мөөнөтү эки иш жумасына чейин узартылды.

Биз ар бир белек өзүнүн мыйзамдуу ээси табылышын жана акцияга катышуу ыңгайлуу, таза жана жагымдуу бойдон калышын камсыздоого умтулабыз.

Жаңылыктарды MBANK колдонмосунда көзөмөлдөп туруңуз — алдыда дагы көп кызыктуу жаңыртуулар болот!

QR менен төлөө

MKassa же MBusiness аркылуу QR менен 500 сомдон жогору төлөм

10 упай

Күнүнө 2 жолу

VISA картасы менен төлөө

Visa картасы аркылуу 250 сомдон жогору төлөм

10 упай

Күнүнө 2 жолу

Visa картасын толуктоо

Каалаган VISA картасынан AFT аркылуу 1000 сомдон жогору толуктоо

100 упай

Жумасына 2 жолу

MProfi

Жарнама түзүү

300 упай

Акция учурунда 1 жолу

MProfi

Уста менен байланышуу жана пикир калтыруу

50 упай

Жумасына 1 жолу

Авто камсыздандыруу

КАСКО камсыздандыруусун тариздөө

450 упай

Акция учурунда 1 жолу

VISA Infinite

Visa Infinite картасын (KGS/USD/EUR) ачуу

950 упай

Акция учурунда 1 жолу